Биз менен байланышыңыз

Кыргыз адабиятын Норвегия элине таанытып жаткан Ибрахим Түркхан

Блог | 20 Ноя 2023 | 558 | 1

Узак жылдар бою Кыргызстанда жашап, кыргыз адабиятынан көптөгөн чыгармаларды түрк тилине которуп келе жаткан, кыргыз элинин калың катмарына белгилүү түркиялык агартуучу, акын, жазуучу жана котормочу Ибрагим Түркхан учурда Норвегияда жашап, ал жакта да кыргыз адабиятын таанытуу боюнча иш-чараларды өткөрүп келет.

— Ибрагим агай, сизди Кыргызстандагы адабият чөйрөсү, китепкөй окурмандар жакшы тааныйт, ошондой болсо да, айрымдарга өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз… 

— Сөз баштаар алдында, кылымдардан бери Ала-Тоону жердеп келе жаткан кадырлуу кыргыз элиме алыскы Норвегия мамлекетинен өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ысык саламымды айткым келет. Мен 1972-жылы май айында Түркиянын Кахраманмараш шаарына караштуу Афшин районунун Бүйүктатлы айылында төрөлдүм. Oрто мектепти Афшинде, лицейди Кахраманмарашта окудум. Кайсери шаарында Электрик техникумун бүтүргөн соң, 1992-жылы Кыргызстанга келдим. Бул жакта Караколдогу балдар лицейинде мугалим болуп жүрүп, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин география факультетин 1998-жылы аяктадым. 1999-жылы Түркияга кайра кеттим. Ал жакта Адапазары, Стамбул, Айдын жана Маниса шаарларында география мугалими болуп эмгектендим. 2016-жылы кайра Кыргызстанга келип, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктап, мугалим болуп иштедим. 2019-жылы ушул эле адистикте магистратурадан окудум. 2022-жылы үй-бүлөм менен Норвегияга көчүп келдим. Азыр эки уулум, жубайым менен Норвегияда турабыз. Кыргыз, орус жана англис тилин билем. Учурда норвеж тилин үйрөнүп жатам.

— Агай, сизди агартуучу, адабиятчы жана котормочу катары билебиз. Адабиятка качан аралаша баштадыңыз?

— Адабиятка кызыгуум орто мектепте окуп жүргөн жылдарда башталды. 1988-1990-жылдары Кахраманмарашта айына бир жолу чыгуучу «Түрк Ожагы» гезитинде эмгектендим. Алгачкы ырларым ошол жылдары 16 жашымда жарык көрдү. Кийин Кыргызстанда окуп жүргөндө журналист, түрк тили жана география мугалими болуп эмгектенип, кыргыз адабияты менен да таанышып, 1993-жылдан баштап, кыргызча-түркчө котормочулук жаатында алгачкы эмгектерим, ошондой эле кыргыз тилиндеги чакан чыгармаларым жарык көрө баштады. Өзүмдүн чыгармаларым жана котормолорум Түркияда жыйырмадан ашык мамлекеттик жана аймактык журналдарга, Кыргызстанда болсо «Ачык сөз», «Ата Журт», «Баластан», «Жаңы Ала-Тоо», «Заман Кыргызстан», «Тил жана маданият», «Шоокум», «Ысык-Көл кабарлары» сыяктуу гезит-журналдарга жарыяланды. Бир канча журналдын редакциялык кеңешмесинде иштедим. Учурда кыргызча-түркчө-орусча-норвежче котормо иштеринде эмгектенип, ошол эле учурда кыргыз жана түрк тилдеринде ыр, аңгеме, макалаларды жазып келүүдөмүн. Ошондой эле бир нече мамлекеттеги адабият күйөрмандары жана калемгерлер менен биргеликте «Хелезон» эл аралык адабият, маданият жана искусство журналынын жана Англиядагы «Краб Паблишинг» басма үйүнүн редакциялык кеңешмесинде иштеп жатам. Eвразия жазуучулар биримдигинин, Кыргызстан эл аралык адабият академиясынын мүчөсүмүн, андан тышкары Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсүмүн. Кыргызстандан, Түркиядан, Германиядан, Орусиядан алган бир нече сыйлыктарым, медалдарым, «Ардак грамоталарым» бар.

— Китептериңиз тууралуу да айта кетсеңиз…

— 2007-жылы «Теңир-тоо жаңырыктары» аттуу алгачкы китебим түрк тилинде жарык көрдү. 2018-жылы «Алыкулдун изи менен» ыр жыйнагым кыргыз тилинде басмадан чыкты. 2019-жылы кыргыздын 57 акын-жазуучусунун, агартуучусунун өмүр жолун иликтеген «Жылдыздарды аралап — Yıldızların Arasında» китебим кыргыз жана түрк тилинде басылып чыкты. 2023-жылы адамды ийгиликке жетүүгө шыктандырган «Ийгиликти көздөй» аңгемелер жыйнагым басмадан чыкты.

— Эми котормочулук өнөрүңүзгө токтололу…

— Котормочулукка «кыргыз адабиятын Түркияга таанытуу» максатында аралашкам. Себеби СССР кулаганга чейин да, андан бир нече жылдан кийин да кыргыз адабиятынан түрк тилине болгону Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары гана которулган болчу. 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата бардык ырын котордум. 2015-жылы 20 жазуучунун аңгемесин, 25 акындын ырларын которуп, китеп кылып чыгардым.

Керимбек Кадыракуновдун «Көл жана куту», Омор Султановдун «Чарчоонун ырлары» жыйнактарын түрк тилине которуп, басмадан чыгардым. 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата Бактыбек Максүтовдун «Үркүн — кандуу кыргын» романын, 2018-жылы Арслан Койчиевдин «Чыңгыз хандын сырдуу дептери» романын котордум. Алыкул Осмоновдун Ысык-Көлгө арналган ырларын которуп, «Ысык-Көл сени сүйдүм» аталышында, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын которуп, «Күн сайын адам болуу» аталышында китеп кылып чыгардым. 2020-2023-жылдары котормолорумдун электрондук варианты: Алыкул Осмоновдун «Ысык-Көл сени сүйдүм» ырлар жыйнагы, 26 жазуучунун аңгемелерин камтыган «Теңир-Тоонун шамалы» жыйнагы, Гапыр Мадаминовдун «Үйрөнүүнү үйрөнүү» китеби, Чынгыз Айтматовдун «Ойлордун симфониясы» китеби Англиядан чыкты.

Башкырт эл акыны Мажит Гафуринин ырларын, Айдарбек Сарманбетовдун «Айтматовдун изи менен» аңгемелер топтомун, Алыкул Осмоновдун «Мен кыргыздын акыны» ырлар топтомун, Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосун, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан турган «Ойлор симфониясы» китебин Индонезия тилине которууга жардамдаштым.

Чыгармаларым «Анар данек ырлары», «Заманбап кыргыз аңгемелери», «Кахраманмараштык акындар» альманахтарына кирген. М. Дыйканбаева түрк тилине которгон Качкынбай Артыкбаевдин «Кыргыз адабиятынын тарыхы» менен Мукай Элебаевдин «Узак жол» повестин, Уулкан Камбаралиева даярдаган кыргызча-түркчө сөздүктү редакциялап бердим.

Кыскартып айтсам, баш-аягы 120дан ашуун кыргыз акын-жазуучусунун чыгармаларын түрк тилине которуптурмун. Ырларым, прозаларым, котормолорум, теңшерик (соавторство) котормолорум, редакциялап берген китептерим болуп отуруп, баш-аягы 33 китебим жарык көрүптүр. Учурда да басууга даяр китептерим турат.

— Норвегияда «Кыргыз адабияты жана маданияты» кечесин өткөрдүңүз. Иш-чара кандай өттү?

-Былтыр августта Норвегиянын үчүнчү чоң шаары Трондхаймда «Тил жана маданият» эл аралык фестивалы өткөрүлгөн. Ага ошол шаарды, аймакты жердеген 60тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Алардын арасында ушул аймакты жашап, иштеп жүрүшкөн төрт кыргызстандык бар эле. Мен аларга кол кабыш кылып жүрүп, Трондхайм адабият үйүнүн жетекчиси ооганстандык Гулабуддин мырза менен таанышып, ага өзүм жана кылган иштерим боюнча айтып бергем. Кийин жаңы жылдын алдында биздин курска катышкан ондон ашык мамлекеттин өкүлдөрүнүн арасынан Украинадан келгендер менен кошо мен да сахнага чыгып, Караколдо студент кезимде ырдап жүргөн «Ананайынды» ырдадым. Алар абдан таң калышты. Быйыл 17-майда Норвегиянын улуттук күнүнө да чакырышты. Биз жашаган Шордал шаарынын мэриясынын алдындагы ардагерлер бирикмесинин коногу катары кыргыздын чапаны менен калпагын кийип катышып, «Ананайынды» кайра ырдадым. Ушул жылы июнь айында жергиликтүү «Шордал Нитт» гезитине маек берип, кыргыз адабияты, маданияты, «Манас» жана башкалар тууралуу баяндап бердим. Учурда норвеж жазуучулар союзуна өтүү үчүн тиешелүү кагаздарды даярдап жүрөм.

«Тил жана маданият» фестивалына быйыл да катышып, жергиликтүү китепканага жана мектептердин китепканаларына котормо китептеримди белек кылдым. Ошондо «Кыргыз адабияты» күнүн өткөрүү идеясы жаралып, датасын белгилегенбиз. «Фейсбук» социалдык тармагы аркылуу кулактандырып жатып, Норвегияда биринчи жолу «Кыргыз адабияты жана маданияты» кечесин өткөрүп алдык.

Кече кызыктуу болду. Кыргыз адабиятынын Энесайды жердегенден тарта ушул доорго чейинки тарыхын айтып бердим. Коноктор эң көп «Манас» эпосу боюнча суроо беришти. Саякбай Каралаевдин «Манас» айтып жаткан видеосун коюп бердим. «Kыргыздар кайсы адабият түрүнө көп кызыгышат?», «Kыргыз адабиятында аялзатынын орду», «Кыргыз адабияты СССРден кийин кандай абалда?», «Kыргыз тилинин абалы, шаарларда жана айылдарда колдонулуу деңгээли кандай?» сымал суроолор берилди.  Аларга болушунча жооп бердим. Алыкулдун «Ата Журт» ырын, башка акындардын ырларынан, өзүмдүн ырларымдан окудум. Кыргызча ырлардын, комуз күүсүнүн видеолорун көргөздүм. Баарын тең кызыгуу менен угуп, көрүштү. Аягында болсо эки китебимди Трондхайм адабият үйүнө белек кылдым.

Биринчи кечебиз менин оюмча, ийгиликтүү аяктады. Кудай буюрса, кийинкилерге эшик ачылды десек болот. Дагы өткөрө турган болсок, мындан да мазмундуу кыларыбызга ишенем. Бизди коноктогон Трондхайм адабият үйүнө жана координатор Гулабуддин мырзага дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Ушул жерде бир нерсени да кыстара кетейин, былтыр «Кыргызстандан келдим» десем, жергиликтүү эл: «Курдистандан келген турбайсызбы?» дешчү. Айтып өткөн иш-чаралардын, ак калпак, чепкен кийип жүргөнүмдүн арты менен мени, мен аркылуу Кыргызстанды таанып, жылуу салам бергендер көбөйгөнүн көрүп, кубанып калат экенсиң.

— Норвегияны бир жарым жылдан бери жердеп келесиз, бул өлкөнүн өзгөчөлүгү, адабияты тууралуу да кеп салсаңыз…   

— Норвегияны буга чейин сыртынан эле билип, жаратылышы тууралуу угуп жүргөм. Норвеждер — Европадагы байыркы элдердин бири. Илгери викингдерге чейин да бул жакта жашаган эл болгон экен. Алардын бири: Орусиянын түндүк-батыш аймагында, Финляндия, Швеция жана Норвегияда жашаган самиттер. Ошондой эле Норвегия викингдердин доорунда Дания, Англия, Шотландия, Исландия, Гренландия, Швеция ж.б. менен биригип, бир мамлекет болгон учурлар да болуптур. 1905-жылы эгемен өлкө болгон. Мына ушул тарыхый өзгөрүүлөр албетте, Норвегиянын адабиятына да, маданиятына да салым кошкон. «Норвеж адабияты ички жана  тышкы таасирлерден тажрыйба топтоп өнүккөн» десек жаңылышпайбыз. Себеби жакынкы жана алыскы мамлекеттердин адабияттары менен карым-катнашы бай, котормолорго маани берген, өзүнүн адабиятын да бөлөк тилдерде котортуп келген системасы бар экен. Хенрик Ибсен, Бёрнстерне Бёрнсон, Кнут Хамсун, Хенрик Вергеланд, Сигрид Унсет, Эрик Фоснес, Сигурд Хул, Эндре Эриксен, Жон Фоссе сыяктуу көптөгөн акын-жазуучулары бар. Быйылкы Нобель сыйлыгын китептери кырктан ашык тилге которулган жазуучу жана драматург Жон Фоссе алганын да эске салгым келет.

— Норвеж адабияты менен кыргыз адабиятынын ортосунда буга чейин байланыштар болгонбу, бул жөнүндө маалыматыңыз барбы?

— Тилекке каршы, эки мамлекет бири-биринен алыс болгондуктан жана эки бөлөк система менен башкарылып келгендиктен, башка тармактар боюнча да, адабият жаатында да байланыш дээрлик жок. Кубана турган жери: СССР доорунда орус тили аркылуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айматовдун чыгармалары норвеж тилине которулган экен. А башка жазуучу же акындардын котормосун азырынча таба элекмин. СССР боюнча маалыматтар Sovietistan аталышындагы энциклопедияда бар. Бул жактагы улуу муун Кыргызстанды дал ошол энциклопедия аркылуу билишет. Ал эми норвеж адабиятынан кыргыз тилине бир да китеп которулбаса керек. Балким СССР доорунда орус тилине которулуп, Кыргызстанга келгендери бар чыгар.

— Сиз учурда өзүңүз жашап жаткан аймак тууралуу да маалымат берсеңиз… 

— Биз Норвегиянын чок ортосундагы деңиз жээгинде жайгашкан Трондхайм шаарынын Шордал аймагында турабыз. Трондхайм шаары үч кылым Норвегиянын борбору болгон. Кийин борбор Ослого көчүрүлгөн. Трондхайм калкынын саны боюнча өлкөдө үчүнчү орунда турат. Бул шаарда Норвегиянын жана бүткүл христиан дүйнөсүнүн эң чоң чиркөөлөрүнүн (кафедральный собор) бири бар. Норвегия королунун таажы кийүү салтанаты ушул чиркөөдө өткөрүлөт. Андан тышкары король бул жакка келгенде жашай турган чакан хан сарай бар. Бирок башка хан сарайлардай эмес, шаардын эле борборунда, кадимки кабат үйлөрдүн ортосунда. Трондхайм — кайсы бир мамлекеттен качып же көчүп келген өнөр адамдарына башпаанек берген, аларга экинчи Мекен болгон, чыгармачылыгына жаңы дем кошкон шаар. Бул жерде ар түрдүү уюмдар жаңы келген чет элдик чыгармачыл адамдарга жол көрсөтүү, кечелерди уюштуруу сымал түрдүү жардамдарды беришет. Ал эми Шордал аймагы тээ тиги викингдерге чейин да, алардын доорунда да маанилүү роль ойногон. Бул жакта да таштарга тартылган сүрөттөр, эң эски католик чиркөөлөрү, Европанын эң көп учак учуп-конгон аба майданы бар. Шаарда 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Шаар Норвегиянын түндүк-түштүк темир жолунун, унаа жолунун тоомунда турат. Аймакта жашылча-жемиш өстүрүү, мал чарбасы, бугу чарбасы өнүккөн.

— Кыргызстанда акын дегенде көп учурда Алыкулду жана анын «Ата Журт» ырын эстейбиз. Норвегиянын «Алыкулу» ким экен?

— Ар бир улуттун өзүнүн «Алыкулу» бар. Бир окуя айтып берейин. Бул жактан барганда эле алгачкы ишти жергиликтүү калктын тилин үйрөнүүдөн баштадым. Мага тил үйрөткөн курстун жанында Норвегия элине атагы арткан Оле Вуг кесиптик лицейи бар болчу. Ал кезде Норвегиянын акын-жазуучуларын изилдей элек элем. Анан кызыгуум артып, «Бул киши ким болду экен?» деп интернеттен издесем, 200 жыл мурун жашаган улуу адам экен. Ата-энеси айылда ар кимдин малын багып күн көргөн, бирде бар, бирде жок тиричилик өткөргөн үй-бүлөдө өсүптүр. Кара курсактын айынан диний жатак мектебинен окуп, кийин поп жана насаатчы болуп иштептир. Диний жаатта гана сабак бербестен, жакырчылыкка батып калган норвеж элин жаңычыл идеялары менен ойготкондордун сап башында туруптур. 1850-жылдары диний насаат айтканы барган жерлерине «жаңы типтеги мектептерди, лицейлерди ачуу» чакырыгын таштап, ошол эле учурда норвеж тилинин алфавитин, грамматикасын түзүү боюнча да иштерге катышып, гезит чыгарыптыр. Анын ырларынан, эсселеринен жана диний насааттарынан турган он китеби жарык көргөн. Өлкөгө өтө таанымал ыры — «Mitt hjemlandet» (Ата Журт). Ыр учурда Норвегиянын экинчи улуттук маршына айланган. Ал көп учурда диний адам катары эмес, реформатор жана улуттук акын катары бааланат. Оле Виг бала кезинде карды тоё тамактанбагандыктан, жан багуу үчүн кара жанын карч уруп, күн-түнү тыным албай эмгектенгендиктен отуздан оогондо кургак учукка чалдыгып, 33 жашында каза болуптур. Ал эңсеген лицейлер көзү өткөндөн бир канча жылдан кийин ачыла баштаптыр. Анын атын алып жүргөн кесиптик лицей — Норвегиянын эң атактуу билим берүү мекемеси. Анда миңден ашык окуучу, эки жүздөй мугалим эмгектенет. Алдыда 2024-жылдын февраль айында Оле Вигдин туулган жери Шордал шаарында 200 жылдыгы белгиленет. Аны ысымы Норвегиянын бир нече көчөсүнө, мектебине берилген. Өмүр жолун, кылган иштерин салыштырсак, Оле Виг кыргыз адабиятындагы үч залкарга: Кусеин Карасаев, Касым Тыныстанов жана Алыкул Осмоновго аябай окшош экен деп калдым.

— Норвегияда китеп чыгаруу боюнча айтып берсеңиз…

— Норвегияда китепкананын саны калктын санына тең деп айтылат. Бул жакта китеп окуу маданияты ымыркай кезинен баштап эле үйрөтүлөт. Китепканалар негизинен мэрия же муниципиалитетке карайт. Жогорку окуу жайлардын да чоң китепканалары болот. Баары заманбап жана китеп окууга ыңгайлуу кылып түзүлгөн. Китепканалардан сырткары китеп чыгаруу да өзүнчө бир системага коюлган. Мисалы, сиз жергиликтүү тургун болосузбу же чет өлкөлүк болосузбу, китеп чыгаруу үчүн мэрияга же маданият башкармалыгына жана басмаканага кайрыласыз. Анда жазуучунун өмүр баяны, китептин мазмуну жана норвеж тилине кыскача котормосу (үзүндү) болушу шарт. Алар карап чыгып, коомго пайдалуу деп эсептесе, анда сизге автор катары орточо калем акы төлөп, басмаканага беришет. Эгер комиссия изилдеп, китепканаларга алууну чечсе, бюджеттен акча бөлүнүп, сиздин китебиңизди мамлекет сатып алат. Англисче которулган китептерди көп деле текшерип кыйнабай, котортуп бастырса болот. Ал эми бөлөк тилдердеги китептерди бастыруу жогорудагы жол менен жүргүзүлөт. Беш жарым миллионго жакын калкы бар Норвегияда 2021-жылы китепканаларга 17,5 миллион адам кирип, 11,2 миллион китеп окуганга ижарага берилиптир. Тогуз жаштан он беш жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 58%ы китепканаларга барат деген статистика бар.

— Норвеж тилин үйрөндүңүзбү? Деги эле Норвегия чет жактан баргандарда өзүнүн тилин үйрөтүүгө кандай көңүл бурат?

— Норвеж тилин үйрөнүү татаал экен. Түрк тилдер тобуна кирбегендиктен, өзүнүн бир топ майда эрежелери бар болгондуктан биз өңдүү кийин барган, жашы өткөн адамдарга тил үйрөнүү кыйынчылык жаратып жатат. Норвегия өкмөтү чет жактан турист болуп келгендерден сырткары чет жердик мигранттардан, студенттерден, качкындардан норвеж тилинде гана сүйлөөнү талап кылат. Айрыкча, 55 жашка чейинки бардык адам кесибине, даражасына карабастан норвеж тилин сөзсүз түрдө үйрөнүүгө милдеттүү. Ал үчүн керек болсо мамлекет өзү акча төлөп берген учурлары да бар. Анан да тил үйрөнүүгө жардам берүү үчүн өзгөчө пенсияга чыккан адамдардан турган топторду түзүшкөн. Алар менен жуманын белгилүү күндөрүндө талкуулар, пикник, жер кыдыруу сымал иш-чаралар уюштурулат. Тилди канчалык жакшы деңгээлде үйрөнсөң, иш табуу, көбүрөөк маяна алуу мүмкүнчүлүгү бар. ЖОЖдорго тапшырууда да, жарандыгын алууда да мамлекеттик тилди керектүү деңгээлде билишиң керек. Мейли АКШдан кел, мейли Африкадан кел, мейли кайсы улуттан болбо, норвеж тилин билүү — бул жакта жашоонун, жумуш табуунун алтын ачкычы. Англисчени баш кылып бир нече тил билсең да, норвеж тилин билбесең, алар эч нерсеге жарабайт калат. Норвегия өкмөтү ошону менен бирге ар бир келген, туруктуу жашайм деген адамдарга бул жактын эрежелерин, мыйзамдарын да сөзсүз үйрөтүп, андан кийин сынак алат. Белгилүү убакытта тилди өздөштүрүп, ошол эрежелерди билгениңди көрсөтпөсөң, жарандык бербейт. Ошондуктан өзгөчө адабият жаатында иштөөнү ойлогон мен үчүн бул жактын тилин билүү — абдан маанилүү. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатам.

— Норвегияда кыргызстандыктар көппү, алар менен байланышып турасызбы?

— Норвегияга келип, дароо эле кыргызстандыктарды издедим. Тилекке каршы, кыргыздар аз. Алардын көпчүлүгү түштүк аймактарды жердешет. Норвегиядагы кыргызстандыктар» аталышындагы «Фейсбук» тайпасы бар. Биз турган аймакта Кыргызстандан келген төрт эжеке бар (Назгүл, Гүлнура, Назира жана Ксения). Алардын башын бириктирген — Назгүл эжеке. «Кыргыз-Норвеж» достук коомун уюштуруп, ошол чакан уюм аркылуу бири-бири менен ынтымакта жашап, жогоруда айткан «Тил жана маданият» фестивалы сыяктуу иш-чараларда Кыргызстанды таанытууга аракет кылышат. Мен да алар менен эки жылдан бери иштешип, катташып келүүдөмүн.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— 1992-жылы Кыргызстанга келгенде жыйырмадагы жигит элем. Отуз жыл аралыгында Кыргызстанда жашап, үй-бүлө күтүп, миңдеген адам менен достоштум. Балдардын билим алуусуна, отуз эки китептин түрк тилине которулушуна салым коштум. Буйрук экен, элүүгө толгондо Норвегияга келип калдым. Жогоруда айтып кеткендей, алдыда Айтматовдон башка да жазуучулардын чыгармаларын бул жакка таанытууну, норвеж жазуучуларын кыргыз, түрк тилдерине которууну максат кылдым. Кудай буюруп, тилди эртерээк өздөштүрсөм, ошол багытта иштей берем. Кыргыз элин, тилин, маданиятын жана адабиятын таанытууга болгон аракетимди жумшайм, ал үчүн кыргыз элимден бир гана бата күтөм.

— Маектин соңунда окурмандарга эмне айтар элеңиз?

— Элүү бир жылдык өмүрүмдүн отуз жылын Кыргызстанда өткөрдүм. Кыргыз тектүү төрөлбөсөм да, «Кыргыз Ибрагим» деген атка конгонума миң мертебе ыраазымын. Кудай буюрса, мындан ары да кыргыз элиме кызмат кылууну улантам. Мага ушул мүмкүнчүлүктү берген «Марал FM» радиосунун жааматына жана жалпы кыргыз элиме аманчылык, молчулук жана албан-албан ийгиликтерди каалайм!

1 пикир

1 пикир

  1. İbrahimT

    20.11.2023 12:21

    Кай жерде болбойлу, Кыргызстандын, кыргыз элинин атын алыска угузууга арекет кылган ар бир адам бар болсун! Марал радиосуна, Азамат мырзага маэк уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирем. Норвегиядан ысык салам.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM