Connect with us

Аалымдар кеңеши никаб жана сакал коюу боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 15 Ноя 2023 | 366 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын бетти жапкан кийимге (никаб) жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору боюнча билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, шариятта никаб (паранжа) парз эмес. Хижаб негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет.

Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амал болуп эсептелет. Аны тыкан, таза кармоо керек.

«Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз» , — деп айтылат билдирүүдө.

Коомдук жайларда никаб жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору  коомдук талкууга коюлган. Анда айтылгандай, документ коопсуздукту камсыз кылуу жана инсандыкты идентификациялоо зарылдыгы менен жарандардын укуктарын. эркиндиктерин урматтоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Демилгечи биринчи жолу мыйзам бузгандар үчүн 2 миң сом айып салууну же 30 саат коомдук жумушка тартууну, экинчи жолку мыйзам бузуу үчүн 4000 сом айып салууну же 40 саат коомдук жумушка тартууну сунуштап жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM