Биз менен байланышыңыз

Ош: Кыймыл жана туура тамактануу менен ооруну жеңүүгө болот

Коом | 29 Окт 2023 | 95 | 0

Кыргызстанда «Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» боюнча доолбору иштөөдө. Бул долбоор 2022-2026-жылга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Бишкек, Ош шаарларында ишке ашырылууда.

Аталган доолбордун Ош облусу боюнча координатору Райкан Аскарованын айтымында, долбоордун максаты – сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстардын калкынын ден соолугун чыңдоо болуп саналат.

Биринчи фазада өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында ишке ашырылды. Анын алкагында, өлкө аймагында изилдөө жүргүзүлүп, калк арасында жугуштуу эмес оорулар тууралуу билишеби, алдын алууну билишеби, ушул суроолордун негизинде маалымат топтолгон. Мисалы, жугуштуу эмес оорулар менен жабыркаган жана өлүм саны 80 пайызга жогорулап кеткен. Анын ичинде эң көп тараганы – жүрөк кан тамыр оорулары. Бул илдеттен көз жумгандардын саны 54 пайызга жетет” , — деди ал.

Ушул күндөрү “Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоорунун экинчи фазасы Кыргызстандын түштүк аймагында ишке ашырылууда. Анын алкагында медицина кызматкерлерине жана жергиликтүү калктын арасында маалымат таратуу аракети көрүлүүдө.

Долбоордун негизинде Ош облусу боюнча 41 айыл өкмөтүнүн ичинен 13 айыл өкмөтү “Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” (ЖЭО) боюнча долбоор жазышып, 1 млн сомдон грант утушкан.

Чакан гранттар программасынын максаты, жугуштуу эмес ооруларга алып келүүчү тобокелдик факторлорун азайтуу үчүн калкка пайда көрсөтүү шарттарын түзүп берүү.

Ошондой эле гранттын негизинде бир нече айыл өкмөттөрүндө машыгуучу зал курулуп, айыл тургундары маал-маалы менен машыгып, ден соолуктарын чыңдап жаткан учуру.

Мен Анипа Сыдыкова, Ноокат райондук ден соолук комитетинин жетекчисимин. Конкурска катышып, фитнес клубка 850 миң сомдук шаймандарды утуп алдык. Себеби жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда физикалык активдүүлүк чоң маанини ээлейт. Кары-жашы дебей, кыймылдап, ооруларды жеңебиз деген үмүттөбүз” , — деди Анипа Сыдыкова.

«Мен Алиева Рыскан, 66 жаштамын. Мына ушул жерге массажга келгенге аракет кылабыз. Айылыбыздан бери бир сатта жетет экенмин, күндө келе албайбыз. Ден соолукка пайдалуу экен. Велосипед жана чуркап турган шаймандары жакты”.

Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуудагы дагы бир эң башкы фактор — туура тамактануу. Ушул темада мектеп окуучуларына да ачык сабактар өткөрүлүп, маалыматтар берилди. Окуучулар да туура тамактанууга умтулуп, аракет кылып жатышканын айтышты.

Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Камалидин Надыров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Азизбек Эшанов, туура тамактануу эң биринчи кезекте өз саламаттыгы үчүн пайдалуу деп эсептейт.

«Туура тамактануу бул өзүбүздүн күнүмдүк режим. Зыян тамактар – газдалган суусундуктар, тез татымдар. Мисалы, мен көп жебегенге аракет кылам, бирок курсак ачып кеткенде жеп койгон учурлар болот. Бирок ата-энебиз даярдаган тамактарды жесек эле пайдалуу болот. Адам өзүнүн ден соолугун ойлосо зыяндуу тамактарды жебейт» , — дейт окуучу.

Эскерте кетсек, долбоорду GFA ConsultingGroup GmbH (Германия), Euro HealthGroup (Дания) жана “Хэлси Фьючер” коомдук бирикмелери тарабынан (Кыргызстан) ашке ашырылууда.

2018-жылдан бери Швейцариянын “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору баштапкы медициналык-санитардык жардам системасын бекемдеп, калктын ден соолугун чыңдоодо. Кыргызстанда бул колдоону улантуу үчүн Швейцария өкмөтү долбоордун экинчи фазасына 5 миллиондон ашык швейцариялык франк кошумча каражат бөлгөн.

Белгиленгендей, төрт жыл бою долбоор Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларын камтыйт.

IMG_8971

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM