Биз менен байланышыңыз

ЖК төрагасы Палестинанын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 14 Ноя 2023 | 190 | 0

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Авад менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы алака тууралуу сөз болуп, элчи Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алышканын, гуманитардык жардамдар да жөнөтүлөрүн айтты.

Палестина элчиси 75 жылдан бери уланып келе жаткан зомбулук азыркы учурда түрдүү алааматтар менен коштолуп жатканын, акыркы баскынчылыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жараат алганын маалымдады. Алардын 75 пайыздайы жаш балдар.

Палестина элчиси элчилик ишмердүүлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстанда айкалыштыра аткарат. Ал эми резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM