Өткөн жекшембиде Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда Араб өлкөлөрүнүн лигасынын жана Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз кошмо саммити болуп өттү. Израилдин агрессиясынан улам Газадагы абал курчуп кеткендигине байланыштуу эки уюмдун жыйыны биргеликте уюштурулду.
Саммитте кабыл алынган жалпы резолюцияда Израилдин Газадагы аракеттери айыпталды. «Биз Израилдин Газадагы агрессиясынын, Батыш жана Түндүк Иерусалимдеги палестин калкына карата колониалдык баскынчы өкмөт тарабынан адамгерчиликтин чегинен чыккан абалда, өтө аёосуз жасалып жаткан геноцид көрүнүшүндөгү аскерий кылмыштарды каралайбыз. Бул агрессиянын тезинен токтотулушун талап кылабыз», — деп айтылат баяндамада.
Саммиттин жүрүшүндө араб өлкөлөрү ар бири бул агрессияны токтотуу боюнча сунуштарды киргизди.
Израилге каршы санкция колдоо тапкан жок
Чоң жыйында Израил жана анын негизги өнөктөшү болгон АКШга карата көптөгөн сын-пикирлер айтылып, бирок бул баяндамалардын бири да кандайдыр бир аракет менен коштолгон жок. Мисалы Алжир өкмөтү араб өлкөлөрү тарабынан Израилге каршы санкцияларды жарыялоо долбоорун жыйында сунуштады. Анда Алжир АКШ Израилге жардам берүүсү үчүн араб өлкөлөрүндөгү авиабазаларды пайдалануусуна жол бербөө, Израил менен экономикалык мамилелерди токтотуу сыяктуу сунуштамаларды киргизген.
Алжирдин негизги сунушу мунайга байланыштуу болду. Түндүк Африкадагы араб өлкөсү башка араб өлкөлөрүн Израилге мунай сатпоого чакырып, «кара алтынды» Израилге карата рычаг катары колдонууну сунуштады. Бирок бул болгону сунуш иретинде калып кетти. Себеби Араб өлкөлөрүнүн лигасындагы 11 өлкө бул сунушту колдогону менен, лигадагы негизги «сөз ээлери» болгон Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары, Мараккеш менен Бахрейн өлкөлөрү бул сунушту кубаттаган жок.
Эксперттердин пикиринде араб өлкөлөрү саммит алдынан деле Израилге карата кандайдыр бир санкция колдонууну ойлогон эмес. Ал эми Алжирдин сунушун «пиар ыкмасы» деп сындагандар да болду.
Саммитте Израилдин учактары араб өлкөлөрүнүн аба жолдорунан пайдалануусуна тыюу салуу боюнча да сунуш түшкөн. Бирок бул сунуш да колдоо тапкан эмес. Ага Сауд Арабия, БАЭ, Иордания, Египет, Судан, Мараккеш, Мавритания жана Жибути өлкөлөрү каршы добуш берген.
Мындан 50 жыл мурдагы санкция
Алжирдин санкция тууралуу сунушу да жөн жеринен чыккан эмес. 1973-жылдагы араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосундагы «Кыямат күнү» согушунда да ОПЕКтин мүчөсү болгон араб өлкөлөрү Израилге колдоо көрсөткөн Британия, Канада, АКШ, Нидерландия жана Японияга мунай сатпай, санкция киргизген.
Натыйжада 1 баррели 3 доллардан турган мунай, 12 долларга чейин кымбаттаган. 1973-жылдын октябрында башталган эмбарго 1974-жылга чейин созулган. Бул эмбарго тарыхтагы эң ири энергетикалык кризисти пайда кылган.
Ирандан «ХАМАСка» колдоо
Араб өлкөлөрүнүн лигасы менен чогуу өткөн Ислам кызматташтык уюмунун жыйынында Иран да кескин сунуштары менен чыкты.
Иран президенти Ибрахим Раиси Газадагы «ХАМАС» тобун колдоо керектигин, аларга курал-жарак жиберүү зарылдыгын айтып чыкты. Бирок бул сунушту кайсы өлкөлөр колдоп, кайсы өлкөлөр каршы чыкканы тууралуу маалымат жарыяланган жок.
Борбор Азиянын реакциясы
Ислам кызматташтык уюмунун чукул жыйынына Борбор Азия президенттеринен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты. Ал эми Казакстан жана Өзбекстандын президенттери бул жыйынга барган жок, өлкөнүн атынан тышкы иштер министрлери катышты. Борбор Азия өлкөлөрү Палестинанын эгемендүүлүгүн тааный тургандыгын, 1967-жылдагы карта боюнча эки толук кандуу өлкө курулушу керектигин бир добуштан колдошту.