Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Гагарин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Кыска кабар | 12 Ноя 2023 | 148 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Гагарин көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Псковская көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул көчөдө 7:00дөн 23:00гө чейин диаметри 600 мм болгон канализация түтүктөрүн коюу боюнча курулуш-куроо иштери жүргүзүлөт.

Канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу — 11 чакырым. Жаңы канализациялык коллектор Бишкектин түштүк жана батыш аймактарынын тургундарын жаңы агынды сууларды чыгаруу системасына кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Канализациялык коллектордун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM