Биз менен байланышыңыз

Ереван: Жамалбек Асылбек уулу алтын утту

Кыска кабар | 12 Ноя 2023 | 144 | 0

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, спортчу 88 кг чейинки салмакта 1/16 финалдык беттеште гондурастык атаандашын утса, 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандык балбанды жеңген.

Чейрек финалда беларустук спортчуну жеңип, жарым финалдык беттеште армениялык балбанды утуп, финалга жолдомо алган.

Финалдык беттеште казакстандык балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.

Буга чейин кыргызстандык самбочулар Белек Бараканов күмүш, Саяк Бараканов жана Бекболот Токтогонов коло медаль уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM