Биз менен байланышыңыз

«Кызамыкка чалдыккандардын көпчүлүгү — вакцина албагандар»

Блог | 9 Ноя 2023 | 479 | 0

Кызамык — вирустук инфекция

Кызамык курч вирустук инфекциялардын катарына кирет. Көбүнчө аба аркылуу жугат. Айрыкча дем алуу органдары көбүрөөк жабыркайт.

Кызамыктын белгилери

Алгач дене табы көтөрүлөт. Анан табити качып, алсырай, шалдырай баштайт. Кулактын артынан башталып, моюнга, желкеге майда кызыл тактар чыгат. Дароо алдын албаса, ал бара-бара бүт денеге жайылып кетиши мүмкүн.

Кызамык балдар арасында тез жайылууда

Бул ооруга көбүнчө 1 жаштан 4 жашка чейинки наристелер чалдыгат. Учурда да ооругандардын 95%ын ушул курактагы балдар түзүүдө. Анын башкы себеби эле убагында эмдөөдөн өтпөгөндөн же энеси эмдөө албагандан болууда. Себеби 1 жашында кызамыкка каршы вакцина алышы керек.

Оору адамдын иммунитетине жараша өтөт

Иммунитети күчтүү адамдарда оору жеңил өтөт. Кээде белгилери байкалбай эле өтүп кетет. Ал эми ооругандардын көбү — эмдөөдөн өтпөгөндөр. Ошондой эле көп ооруган балдар бар. Буларда оор өтөт. Кызамыктан 3 бала чарчап калды. Атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында үчөө тең вакцина албаган болуп чыкты. Вакцина алып ооруп калгандар өтө аз, саналуу гана. Кызамык менен катталган 538 адамдын алтоо эле вакцина алган. «Эмдөөдөн өткөндөр да эмнеге ооруп калат?» деген суроо жаралат. Ар кандай себептери болушу мүмкүн. Мисалы, вакцинаны туура эмес алган же вакцина туура эмес сакталган болушу мүмкүн. Ошондой эле жасоо техникасы бузулган болушу мүмкүн. Кээде адамдын организминен көз каранды болот, антитело пайда болбой калат.

Кызамык бир эле жолу кармайт 

Адам эгер ооруп айыгып кетсе, организмде өмүр бою сакталуучу иммунитет пайда болот. Сакайгандан кийин бир канча убакыт өтсө деле бул ооруга чалдыкпайт.

Вакцина оорунун алдын алат

2015-жылы ушундай толкун болгон. Кызамык менен көптөгөн адам ооруган. Ошол жылы 1 жаштан 20 жашка чейинкилер вакцина алышкан. 2016-2017-жылдары өлкөдө бир да кызамык катталган эмес. Эгер убагында эмдөөдөн өтсө, адам оорубайт. Азыркы учурда вакцина албагандын себеби ооругандар көбөйүп жатат. Бүгүнкү күндө 9 айдан 8 жашка чейинки балдар арасында кызамыкка каршы эмдөө жүрүүдө. Ата-энелерге кайрылат элем, вакцинаны сөзсүз алуу керек. Кызамыкка каршы вакцина ооруну болтурбоого жана алдын алууга жардам берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM