Connect with us

Ишкер Чолпонбек Акматовдун абактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 9 Ноя 2023 | 352 | 0

Бишкектин Октябрь райондук соту «Эмарк групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун баш коргоо чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 4-январына чейин узартты.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту («Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча шектүү катары УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал Жаза аткаруу кызматынын №21 абагында кармалууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM