Биз менен байланышыңыз

Ичи каткандарга, уйкусу качкандарга ашкабак сунушталат

Блог | 3 Ноя 2023 | 1418 | 0

Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз мезгилинин алгачкы айында турабыз. Бул учурда жер-жемиш жыйнап, кышка кам көрө баштайбыз. Андыктан күз мезгилинин символу болгон тарыхы узун, пайдасы көп ашкабак жөнүндө маалымат чогулттук.

Тарыхы

Ашкабактын мекени Мексика деп айтылып, ал жерде 5000 жылдан бери өстүрүлүп келет. Ашкабак Европада алгач идиш катарында колдонулган. Окумуштуулар ушул күнгө чейин ашкабактын жемиш экенин же жашылча экенин так аныктай албай келишет. Дүйнө жүзүндө бул өсүмдүктүн 20 түрү бар.

Сырлары жана даярдоо өзгөчөлүктөрү

Ашкабак дүйнө жүзү боюнча ар кандай ашканаларда кездешет: америкалык пирогдордон француз пюре шорполоруна чейин, италиялык равиолиден индиялык халвага чейин. Андан ботко, десерт, токоч, шорпо, шире, кыям жасалып, салаттарга ингредиент катары колдонулат.

Ашкабактан жасала турган эң оңой даам — меште бышыруу. Көбүнчө бал менен же эт жана жашылча менен толтурулат.

Жашылча аралаштырып бышыруу үчүн көптөгөн рецепттер бар: пирог, печенье, булочка, пудинг жана быштак.

Ашкабактын уруктары да кургатылган же куурулган тамак катары колдонулат. Кууруунун алдында уруктар целлюлозанын калдыктарынан тазаланып, жуулат жана кургатылат. Мешке  салардын алдында күн карама майы менен майлап, туздап койсоңуз болот. Мешти 180-200 градуска чейин ысытуу керек. Уруктарды кургатуунун табигый жолу бир нече күнгө созулат. Кургатуу үчүн жыгач нерсеге коюу сунушталбайт, анткени жыгач уруктардан нымды сиңирип, кургатуу процессин жайлатат.

Ашкабактын пайдасы

Ашкабак көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ: тамак сиңирүүнү жакшыртат, шишикти таратат, зат алмашууну турукташтырат. Деңиз оорусунда жана токсикоздо жүрөк айланууну басууга жардам берет, жүрөк-кан тамыр, боор жана бөйрөк ооруларында пайдалуу. Ашкабактын жана ашкабактын уруктарынын антигельминтикалык касиеттери баарына белгилүү. Ашкабактын целлюлозасы жараларды айыктырууда жакшы жардамын берет. Бул жашылча нерв системасына жакшы таасир этет: уругу эс тутумду бекемдейт, целлюлозасы невроздо, ширеси уйкусуздукта жардам берет. Андан сырткары курамындагы булалардын түрлөрү ич өткөктөн же ич катуудан жапа чеккендерге сууну сиңирип, заңдын жоон ичегинин ичинде жылышына жардам берет.

Ашкабак кимдерге болбойт?

Бышкан жана бузулбаган болсо зыянсыз, бирок кээ бир каршы көрсөтмөлөр да бар. Ашкабак ичеги-карын оорулары, ашказан оорулары, кычкылдуулугу төмөндөп, кант диабети менен жабыркагандарга болбойт. Ашкабактын бардык түрүн жесеңиз болот, бирок өтө ачуу болсо, жебей койгон жакшы. Анткени абалыңызды начарлатышы мүмкүн.

Ашкабактын куурулган уруктары муундардагы туздун топтолушуна жана тиштин эмалынын бузулушуна өбөлгө түзөт. Чийки уруктар гастрит дарты барлар үчүн зыяндуу.

Витаминдүү ашкабак

Ашкабакта А, В1, В2, В5, Е, РР, С витаминдери, кант, кальций, калий, магний, темир жана башка микроэлементтер камтылган. Ал эми даны В1, С, Е, D, РР витаминдерине жана каротин, көмүртек, белок, эфирдик майларга бай. Калориясы 100 грамм азыкка 100 ккал туура келет.

-Уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатарда ичип туруу керек;

— Циститтен арылуу үчүн күнүнө 2 жолу 50 граммдан ашкабак ботко жесе болот;

— Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип турууга да мүмкүн;

— Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярдап жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот;

— Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курттар өлүп жоголот;

— Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестеринди кубалоого эгедер;

— Ашказан ичеги тутумунда көйгөйү барлар ашкабакты сууга бышырып жешсе болот. Бирок бул гастрит жана ашказан жарасы үчүн эмес;

— Бул жашылча ич катууну да жөнгө салат;

— Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын бир аш кашыктан жеп жүрүү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM