Биз менен байланышыңыз

Акунбаев: ИИМдин Академиясында окугандар аскер кызматынан бошотулат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Ноя 2023 | 730 | 0

«Биздин окуу жайдын өзгөчөлүгү студенттер аскер кызматынан бошотулат. Ошондуктан армияда кандай тартип болсо, бизде да ал нерсе биринчи орунга коюлган». Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Кадрлар бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү, милициянын полковниги Темирбек Акунбаев “Маралдын” эфиринде билдирди.

“Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясында атайын түзүлгөн эрежелердин негизинде тандоо жүргүзүлөт. Курсанттар бюджеттик негизде окуйт, ал эми контрактык негизде окугандарды “студенттер” деп коебуз. Курсанттар окууга кабыл алынаары менен ИИМдин кызматкерлери болуп эсептелинет. Жатакана, тамак-аш жана кийимдери окуу жай тарабынан камсыздалат. Ал эми жатакана бир гана балдар үчүн, кыздар сырттан келип-кетип окуса болот”, — деди Акунбаев.

Анын айтымында, милиция кызматына орношуу үчүн курсанттар 4-курсту бүтүшү керек. Ал эми студенттер жашы жеткен болсо, армияга барып кызмат өтөп, андан кийин гана ИИМге жумушка орношсо болот.

“Бюджеттик негизде окуган курсанттардын 4 жылдык окуусун бүткөнгө чейин алдын ала иштей турган жерлери маалым болот. Ошондуктан окууну бүтөөрү менен 100% жумуш менен камсыздалат.  Быйыл бюджеттик негизде 130 квота берилген. Ошондой эле контрактык негизде 119 студент кабыл алынган. Биздин академиянын студенттери Орусиянын бир канча шаарларында келишимдин негизинде окушат. Быйылкы жылы Түркия мамлекетине дагы студенттерди жөнөткөн жатабыз”, – деп кошумчалады полковник.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM