Биз менен байланышыңыз

«КМШ боюнча репрессия курмандыктарынын сөөктөрүн биз эле таптык»

Блог | 1 Ноя 2023 | 674 | 1

7-8-ноябрь — Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Бул дата 2017-жылдан тарта белгиленип келет.

«Марал» радиосуна тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын эмгек сиңирген ардагери, запастагы полковник Болот Абдрахманов ата-бабаларды эскерүүнүн мааниси, «Ата-Бейиттин» азыркы абалы жана 2-ноябрда өтө турган илимий конференция тууралуу айтып берди.

— Эртең, 2-ноябрда сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүүгө арналган конференция өтөт. Ага кимдер катышат, кандай маселелер көтөрүлөт?

 -Тарыхты карап көрсөк,  «Ата-Бейитте» табылган Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов сыяктуу инсандар 1938-жылы ноябрь айында, тагыраагы, 5-ноябрда атылып кеткен.

Бул жылы ноябрдагы кандуу окуяларга 85 жыл болуп жатат. Азыркы коомго, жаштарга, бул күндөрдү эскертүү үчүн конференция өткөргөнү турабыз. Даярданып, маалымат берип баштаганда аябай көп адам кызыгуусун билдирди. Биздин илимпоздор, репрессияга кабылган адамдардын туугандары, андан сырткары чет элдик илимпоздор, тарыхчылар да катышканы жатат.

— «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920-1953-ж.ж.)» аталышындагы он томдук китебиңиз басмадан чыккан. Анда 18 миң адамдын өлгөнү анык экенин жазыптырсыз. Чыныгы сан мындан айырмаланышы мүмкүнбү?

— Коопсуздук комитетинин архивиндеги маалыматтарга таянып, 18 миң адам репрессияга кабылган деп изилдеп чыктык. Бирок бул тууралуу ар кандай маалыматтар бар. Каныбек Иманалиев 100 миң деп айтса, расмий булактарда 40 миң деп жүрөт. Арасында акталбай, китепке кирбей калгандары да бар. Союздагы маалыматтар боюнча «ар бир бешинчи адам репрессияга кабылган» деп айтылат. Бул ошол учурда жашаган миллион адамды көрсөтөт. Мындай караганда бир үйдөн даректүү түрдө атасы жазылган болсо, анын үй-бүлөсү, туугандары да душмандын жакындары болгону үчүн көп кыйынчылык көрүшкөн. Юридикалык жактан алганда 13 миң 500гө жакын адам акталган, калган 3 миң 500 адамга козголгон иш токтогон боюнча калган.

— 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнү катары расмий белгиленип келет. Коомчулук ата-бабаларды эскерүүнүн маанисин канчалык аңдап-түшүнүп жатат? Негизи өсүп келе жаткан муундарга тарыхыбыз тууралуу, ошол кандуу окуялар тууралуу айтып, эстетип турушубуз керекпи?

— Жалпы эле кандуу жылдардын тарыхын баарыбыз билишибиз керек. Менин жеке оюм, тарыхтын мыйзамы боюнча кээ бир окуялар кайталанат. 2010-жылы апрель революциясында 80ден ашуун адам атылды. Ошондо 10-апрелде курман болгон 27 кишинин сөөгүн Ата-Бейитке коюп, ал жерди «Бала-Бейит» атап койдук. Эгерде биздин бийлик тарыхтан сабак албаса, мындай трагедиялар кайталана берет. Бул нерсе баарыбызга сабак болушу үчүн чарчабай айта беришибиз керек. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл. Себеби окуу жайларда кыргыз тарыхын эки эсе кыскартып жатат.

— Репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Биринчи окууда кабыл алынды. Мындан ары актоо иштери кандай жүрүшү керек?

— Жарым жылдан бери аябай активдүү талкуу болуп жатат. Бул талкуу башталардын астында Казакстанга илимий конференцияга бардык. Алардын айтуусуна караганда, 4-5 жылдан бери архивде 400гө жакын тарыхчы активдүү иштеп жаткан экен. Мамлекет ар бирине ай сайын 700 доллардан төлөп бериптир. Ошонун жыйынтыгында 4 жылдын ичинде 300 миңден ашуун адамды актап чыгышыптыр. Андан сырткары кандуу окуялар боюнча 33 томдук китеп чыгарды. Бизде анчалык тарыхчыны тартууга каражат жагынан мүмкүнчүлүк жок.

— Сталиндик репрессиянын негизги себептери эмнеде болгон?

— Тарыхты карап көрсөк, Сталин бийликке келгенде авторитардык система болгон. Андан кийин тоталитардык системага өткөн. «Бир эле идеология болушу керек» деген көз караш менен башкалардын ой-пикирин жактырган эмес. Советтер Союзу дүйнө жүзү боюнча бир эле мамлекет болгону үчүн тегерегиндегилерди душман катары көрүшкөн. Ошол эле учурда ишенимдүү күчтөрдү чогултуу үчүн ар бир республиканын райондоруна каттар жөнөтүлгөн. Ар бир аскер башчыга «чыккынчыларга издөө жүрсүн» деген буйрук берилгени архивде жазылып турат. Буга Гитлердин Советтер Союзуна кол салардын алдында «Азыр СССРге кол салууга эң ыңгайлуу учур болуп турат. Себеби Совет күчтөрүнүн көпчүлүгү жетекчисиз калды» деген далил сөзү да бар. 1938-жылы өсүп келе жаткан жаш кадрларды репрессия кылган. Бир жыйналышта Алиев деген кыргыз командир: «Аскерге чакырылган кыргыз балдар орусча билбей кыйналып жатышат, уставда жазылгандарды которуп койсоңор, жеңилирээк болот эле», — деген сөзү үчүн «улутчул» аталып калган.

— Ата-Бейиттин бүгүнкү абалы кандай?

— Ата-Бейиттен 1991-жылы сөөктөрдү таптык. Ошол эле жылдын июль-август айларында көмүү иштери болду. Ошондон бери 32 жыл өтүп, ал жердин абалы начар. Себеби сөөктөр көмүлгөндөн кийин 11 жылдан кийин курула баштаган. Бүгүнкү күндө КМШ боюнча репрессия болгон жетекчилеринин сөөктөрүн тапкан башка өлкө жок. Бирок табылбаса да, ошолорго арналган музейлерге жогорку деңгээлде көңүл буруп жатышат. Андан сырткары бизге келген сыйлуу коноктордун баары ошол жерге барып таазим кылып, гүл коюп келишет. Мен жетекчи болгондон бери көп министрликтерге кайрылдым. Баары эле «ал жер биздин балансыбызда эмес» деген жоопту беришет. Балансында болбосо да, патриоттук сезим деген болушу керек да.

— Сиздин 10 томдукта 738 айылдын тургуну репрессияга кабылганы айтылат. Терең изилдесе, Чүйдөн башка аймактардан, тагыраагы, Ата-Бейиттен башка жерлерден да репрессия курмандыктарынын сөөктөрү табылышы мүмкүнбү? 

 2-ноябрдагы конференцияда ушул маселени козгоп, атайын өзүнчө пункт киргизгени турабыз. Мындай жер бир эле аймакта табылганы үчүн «Башка облустардан эмнеге таппайсыңар?» деген суроолор көп келип түшөт. 1991-жылы Оштон бир аксакалга жолуккам. Ал аксакалдын атасы репрессияда атылгандардын сөөктөрүн жүктөп барып, Сулайман-Тоонун жака-белине көмгөнүн айтыптыр. Бирок ал жердин аянты чоң жана мүрзөлөр бар болгону үчүн кайсыл жерди казууну билбейбиз. Ушундай эле кайрылуулар башка аймактардан да келип түшүп, ал жерлер да бир топ гектарды камтыйт. Жалпысынан Кыргызстандын 750 айылында репрессия болгон. Ошондуктан кайсы аймакта ошондой жерлер болсо, тазалап, сый мамиле менен карашыбыз керек.

— Маегиңизге чоң ырахмат!

1 пикир

1 пикир

  1. Бакыт

    02.11.2023 14:14

    Репрессияны НКВД-КГБ жасаган. Азыр бизде ГКНБ. Аны Дзержинский түзүп репрессиянын ана башында турган.
    Бирок бизде канкор Дзержинскийди туу тутуп, анын буркан сүрөтүнө сыйынып жүрүшөт. Гыкынбынын ар бир имаратынды Дзержинскийдин бурчу бар.
    Тарыхчылар ушуну туура түшүндүрүп, алдырып салышса.
    Журналисттер да суроо берип турушса.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM