Биз менен байланышыңыз

«Сосновка» постунда унаа кыймылына киргизилген чектөө алынды

Кыска кабар | 1 Ноя 2023 | 265 | 0

Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Учурда №9 жол тейлөө ишканасы Бишкек — Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

31-октябрда Төө-Ашууда кар калың жап, Жайыл районунун «Сосновка» көзөмөл өткөрмө жайында оор жүк ташуучу анаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-2-ноябрь күндөрү өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга кайрылып, унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу, алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM