Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жаранына 70 жыл Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Кыска кабар | 30 Окт 2023 | 716 | 0

Түштүк Сахалин соту 30 жаштагы Кыргызстандын жаранына 70 жыл Орусияга кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Sakhalin Media маалымат агенттиги сайтына жазды.

Орусия федералдык коопсуздук кызматы берген маалыматка караганда, окуя 2022-жылы болгон. Айыпталып жаткан адам мамлекеттик жашыруун сырларды билүү максатында чек арачыга пара берүүгө аракет жасаган. Ал сырларды деңиздеги биологиялык ресурстарды мыйзамсыз казып алууну көздөгөн браконьерлерге сатмакчы болгон.

Чек арачы бул адамдын ниети тууралуу Орусия федералдык коопсуздук кызматына кабарлап, алар 1993-жылы туулган кыргызстандыкты кармап кетишкен.

Федералдык коопсуздук кызматынын Сахалин облустук башкармалыгы бул боюнча Орусия Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (мамлекеттик жашыруун сырларды мыйзамсыз алууга аракет жасоо) менен иш козгоп, шектүүгө айыбын угузган.  

Эки айлык сурак-тергөөдөн кийин иш шаардык сотко өткөрүлүп берилген. Түштүк Сахалин шаардык соту алгач айыпталуучуга 250 миң рубль айып салуу, 70 жыл Орусияга киргизбөө өкүмүн чыгарган. Кийинчерээк иш кайра каралып, эки ай тергөөдө болгон күндөрү эске алынып, айып пулу 50 миң рублга азайтылып, ал эми өлкөсүнө киргизбөө мөөнөтү күчүндө калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM