Биз менен байланышыңыз

Бишкекте палестиналыктарга тилектештик билдирген митингден фоторепортаж

Блог , Коом | 28 Окт 2023 | 463 | 0

Бишкекте Бүгүн Бишкектин Горкий скверинде палестин элине тилектештик билдирген экинчи акция болду. Ага 500гө жакын адам катышып, «Палестинага эркиндик», «Геноцидди токтоткула» деген чакырыктарды ташташты.

Митингдин уюштуруучусу «ЭрК» саясий партиясы. Анын жетекчиси мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу. Митингге Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, бир катар диний ишмерлер катышты.

Ошондой эле бир катар диний ишмерлер, ативисттер, Палестина элине жардам чогултуп жүргөн уюмдар катышты.

 

Алар Палестинада болуп жаткан окуяларга, жай тургундардын, айрыкча аялдар жана балдарды аяосуз өлтүрүлүп жатканын айтышып, ал жактагы окуяны, абалды сезүү үчүн мусулман болууну кереги жок экенин, жөн гана адам болуу зарылдыгын айтышты.

Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари (Сүрөттө)

Уюуштуруучулар Кыргызстандагы Ислам өлкөлөрүнүн элчилери да бүгүнкү митиннге чакырылганын айтышты.

Мтинггдин айрым катышуучулары Газада жаш балдардын өлүмү көп болуп жаткандыгынан, аларды ороого кепин жетишсиз болуп жатканын айтышты. Символикалык түрдө, кепинге оролгон баланын элесин чагылдырган элемент алып келишкен.

Бүгүнкү акцияга ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле акцияга Кыргызстандагы палестиналыктар да катышты. Алардын бири элдин алдына чыгып сөз сүйлөп, кыргызстандыктарга ыраазчылык билдирип, Палестинага жардам берүүгө чакырды.

Митинггдин жүрүшүндө Палестинага акчалай жардам чогултулуп, жакынкы күндө Кыргызстандан Палестинага алгачкы жардам жөнөтүлөөрү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM