Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө» деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 722 | 0

Кыргызстан быйыл «Аялдардын тынчтыгы жана коопсуздук» индексинде (Women Peace and Secutity Index) 177 мамлекеттин ичинен 95-орунду ээледи.

Муну менен биздин мамлекет Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү бааны алган. Индексте Түркмөнстан 58-орунду, Казакстан 70-орунду, Тажикстан 90-орунду, Өзбекстан 94-орунду ээлеген.

Рейтингде алдыңкы үчтүккө Дания, Швейцария, Швеция, акыркы үчтүккө Ооганстан (177-орун), Йемен (176-орун), Борбордук Африка (175-орун) кирген.

Авторлор үч категорияга бөлүнгөн 13 көрсөткүчтүн негизинде өлкөлөрдү изилдешкен:

Инклюзивдүүлүк — (билим берүү, каржылык кызматтардан пайдалануу, ишке орношуу, уюлдук телефон колдонуу, парламенттеги аялдардын үлүшү);

Адилеттүүлүк — (укуктук басмырлоонун жоктугу, сот адилеттигине жетүү, энелердин өлүмү, бир жактуулук);

Коопсуздук — (зомбулуктун деңгээли, аялдардын коомдогу коопсуздугун кабыл алуусу, аялдарга карата саясий зомбулук, куралдуу жаңжалга жакындыгы).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM