Азыркы учурда кичине баладан тарта чоң адамдарга чейин күнүмдүк жашообузду гаджеттерсиз элестетүү мүмкүн эмес болуп калды. Ал айрыкча өспүрүмдөрдүн эмоционалдык абалына катуу таасир этип жатат. Бул маселе боюнча «Маралдын» эфиринде балдар психологу Нурзада Нурбаева менен маектештик.
— Жакында эле «Кыргызстандын мектептеринин биринде мугалими телефондорун алып койгону үчүн окуучу кыз терезеден секирди» деген кабар чыкты. Муну биз «азыркы тапта балдардын гаджеттерге көз карандылыгы тереңдеп кеткен» деп түшүнсөк болобу? Мындай учурда эмне кылуу керек?
— Бул учурду изилдеп, же ар бир тарап менен маектешип көрмөйүнчө, бир нерсе деп айтуу кыйын. Негизи азыркы учурда мугалим бир нерсе кыларда балдар менен келишим түзүп, же эрежелерди өзүнө жардамчы катары колдонсо болот. Ушундай келишпестиктер болбошу үчүн, окуучулардын өздөрү менен кеңешип, кээ бир нерселерди бекитип алышы керек. Телефонду таптакыр алып коюу — кыйыныраак. Себеби азыркы муун ошону менен жуурулуп чоңоюп жатат. Алар кичинекейинен окуганды, жазганды билбесе да, гаджеттердин каалаган функциясын иштеткенди билишет. Ошондуктан мындай мамиле кылуу мугалимге зыян алып келиши мүмкүн.
— Жаш балдар арасында гаджеттерге көз карандылык күчөгөнү көпчүлүк ата-энелердин көйгөйүнө айланды. Мындай учурда сиздер кандай кеңеш бересиздер?
— Бул — бир эле Кыргызстанда эмес, бүт дүйнөдө актуалдуу маселе. Жадагалса ошол гаджеттерди чыгарган адамдардын балдары да жок дегенде 1-1,5 сааттан колдонот экен. Албетте бардык нерсенин ашыкчасы да, ошол эле мезгилде азы да зыян. Ошол үчүн бул жерде да ортолукту кармаган туура. Айрыкча баланын тили чыгайын деген учурда Ютубдан ар кандай видеолорду көрүп, тил өнүгүүсүндө көйгөй аябай көп. 4-5 жашка чыкса да тили чыга элек же жакшы өнүгө элек балдар көбөйүп кетти. Балдар эч ким менен сүйлөшпөйт, бирөө менен сүйлөшкөнгө муктаждык деле жок болуп калат. Мурда гаджеттер пайда боло электе балдар бири-бири менен ойноп, ар кандай нерселерди жасап, аларды сүйлөтүп, ортодо сүйлөшүү мамилеси болгон.
— Гаджеттерди такыр четке кагууга болбойт. Мындай учурда ата-энелер норманы кантип аныкташат?
— Гаджет колдонуу нормасы баарына тиешелүү. Бирок эки жашка чейин гаджеттерди такыр колдонбоо сунушталат. Ал эми мектеп курагындагыларга бир же бир жарым саат жетиштүү. Эң биринчи ата-эне үйдө өзүн-өзү көзөмөлдөп, атайын «бир күндө ушунча убакыт гана колдонобуз» деген эреже түзүп койсо жеңилирээк болот.
— Гаджеттерге көз карандылык балдар арасында кандай психологиялык абалдарга, ооруларга жол ачышы мүмкүн?
— Жаңы изилдөөлөр боюнча социалдык желелер адамды көп тынчсызданууга алып келет. Ал эми кичинекей балага өсүп калыптанып келе жаткан учурунда өтө зыян. Себеби азыр балдар Ютубдан 10-20 секундалык кыска видеолорду көрө берип, эмоционалдык жактан катуу чарчап, чыдамы жок, агрессиясы күчтүү болуп калыптанып калат. Бирок бул нерсени чектеп, аларга пайдалуу болгон нерселерди көрсөтүп турсак, оң жакка колдонуп кете алабыз.
— Азыркы тапта балдар психологуна эң көп кайсы көйгөйлөр менен кайрылышат?
— Эң эле көп «тили дагы эле чыга элек», «өтө эле агрессивдүү», «бир тууганын уруп салат» деген көйгөй менен кайрылышат. Азыр ата-энелер баласынын ар тараптуу өнүгүүсүнө жакшы көңүл бура башташты. Бирок аны да баласынын кызыгуусуна, жаш курагына карап бериши керек. Себеби кээ бир ата-эне өтө эле кичинекей мезгилинде берсе, кээ бири кеч калат. Негизи балага 5 жашка чейинки берген нерсенин кайтарымы 80%га чейин болот. Ал эми 17 жаштан кийинкиси 15% гана болуп калат экен.
— Биздин коомдо психологго, өз ишинин адисине кайрылуу деген түшүнүк айрым учурда аксап келет. Азыркы тапта ата-энелер балдары үчүн психологго кайрылган учурлары мурдагыдан көбөйдүбү?
— Менин оюмча, психологдор аз, жаңы тармак болгону үчүн ата-энелер көңүл бурушпайт. Эгер беш жашка чейин бала менен бир ай иштешсеңиз, беш жаштан кийин ошол эле маселеде алты айдан ашык иштешүүгө туура келет. Бул жерде ар бир адамдын өзүнүн тандоосу болуп жатат, бирок баласынын келечегине кайдыгер мамиле жасоодо.
— «Инстаграмда» балдар психологу катары контенттерди чыгара баштадыңыз. Байкоолоруңуз кандай болуп жатат? Бизде ушундай маалыматтарды баалашабы?
— Азыр кыргыз тилинде психология тармагында маалымат табуу кыйын. Ошол үчүн кыргыз тилине басым жасап, аймактарга да маалыматтарды жеткирүүнү каалайм. Мага көбүнчө тарбиялоо жөнүндө суроолор көп келип түшөт. Бирок ал сөздү колдонбогонго аракет кылам. Себеби бул сөз эски системабыздан келгендей, «баланы басмырлоо, рамкага салып коюу» деген сыяктуу сезиле берет. Ошондуктан «балдарды чоңойтууда» деген сөздү колдоном.
— Сиз быйыл бир долбоордун алкагында өлкөнүн аймактарын да кыдырып келдиңиз. Балдарга байланышкан кандай көйгөйлөр бар экен?
-Аймактарда балдарын тыйган, «бул нерсеге тийбе, болбойт» деген оору дале бар. Баланы тыйган сайын күчөйт. Себеби ал ичинде бир муктаждыкты канааттандыруу үчүн ата-энеге кайрылат. Болгону ошол муктаждыгына шарт түзүп берип коюу керек. Айрыкча кыз балага «боло берет» мамиле жасаларын берилген суроолордон байкай алдым. Мурдагы мигранттардын балдары өздөрү ата-эне болуптур. Алар балдарынын тагдыры өздөрүнө окшошуп калбашына аябай аракет кылышат экен. Бул нерсе мени кубандырды.
-Маегиңизге чоң ырахмат!