Биз менен байланышыңыз

Сегиз министрликтен, Социалдык фонддон 14 орун басардын орду кыскарат

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 287 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаруу бийлигиндеги орун басарларды кыскартууну максат кылган токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, Экономика жана коммерция, Финансы, Тышкы иштер, Өзгөчө кырдаалдар, Айыл чарба, Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Санариптик өнүктүрүү министрликтеринен, Социалдык фонддон — жалпы 9 мекемеден 14 орун басар кыскартылат.

Чечим президенттин чыгашаларды кыскартуу жаатындагы жарлыгынын негизинде кабыл алынганы айтылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин да Жаратылыш ресурстары, Экология жана техникалык көзөмөл министрликтеринде, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде да бир катар орун басарлар кыскартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM