Биз менен байланышыңыз

Президент эки спортчуга батир белек кылды

Кыска кабар , Спорт | 27 Окт 2023 | 1570 | 0

Кечээ, 26-июнда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда шаардын 146 жылдыгына карата майрамдык салтанат өттү.

Аземде сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы шаар калкын майрамы менен куттуктап, андан соң жаш боксчулар арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон Нурадин Рустамбек уулу менен грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль алган Амантур Исмаиловго батирдин ачкычтарын тапшырды.

Мамлекет башчысы мындай белектер буга чейин биринчи орунду алгандарга берилип келгенин айтып, бул жолку үчүнчү орунга да батир берүү жаштарды спортко үндөө максатында жасалып жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM