Биз менен байланышыңыз

Айыл өкмөттөрдүн ишин жакшыртуу максатында коалиция түзүлдү

Саясат | 26 Окт 2023 | 1522 | 0

Өлкөдө жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган коалиция түзүлдү. Ал Өнүктүрүү саясат институту, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Борбор Азиядагы жергиликтүү башкаруулар Академиясы тарабынан ишке кирди. Коалиция аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү максатында иш алып барат. Бирикме мындан тышкары дагы кандай багытта иштерди аткарат?

Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев коалиция жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган Өнүктүрүү саясат институту, аталган союз жана Борбор Азиядагы жергиликтүү башкаруулар Академиясы тарабынан ишке киргенин билдирди.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар мамлекет сыяктуу эле 2020-жылдардан тарта глобалдык жана аймактык көйгөйлөргө туш болду. Алар: пандемия, тышкы саясаттагы туруксуздук, ички түшүнбөстүктөр, климаттык өзгөрүү, энергетикалык кризис жана башкалар. Татыктуу жана коопсуз жашоо шарттарын камсыздоо максатында өлкө жарандары бийликтен тез жана координацияланган кадамдарды күтүп жатканы байкалат. Буга байланыштуу элдин үмүтүн актоо үчүн башкаруу системасы күчөтүлгөн колдоого муктаж. Коалициянын түзүлгөнү да бул талапка жооп болуп саналып, аракетти бириктирүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруучуларга жигердүү жана так координацияланган колдоо бере алабыз».

Коалициянын маанилүү милдеттеринин бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөткөн түрдүү тараптарды координациялоо болуп саналат.

Буга байланыштуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте коалициянын биринчи коомдук иш-чарасы — Координациялык кеңештин отуруму болду.

Коалициянын 2023-2026-жылдарга багытталган Программасын талкулоодо катышуучулар жергиликтүү өнүктүрүү боюнча орчундуу темаларды киргизишкен. Алсак, жергиликтүү бюджетти жогорулатуу, жергиликтүү кызматтарды көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү пландоо ишин жакшыртуу, муниципалдык башкарууну санариптик трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев коалициянын программасын иштеп чыгуу мамлекеттик органдар менен жеке уюмдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү тармагындагы тыгыз кызматташтыктын уландысы болуп саналарын белгиледи.

«Жергиликтүү өз алдынча башкарууларды өнүктүрүү маселелери боюнча иш алып барган мамлекеттик органдар көп жылдар бою ЖӨБ Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана башка уюмдар менен таасирдүү кызматташып келет. Биргелешкен аракет жана ишти координациялоо көбүрөөк жыйынтык берип, мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөйт. Мисалы, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик Борбор Азиядагы жергиликтүү башкаруу академиясын түзүүгө активдүү катышты. Бул мекеме муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл. Азыркы кезде академия билим берүү жаатында ийгиликтүү иштеп, мамлекеттин бир тыйыны сарпталган жок».

Бүгүнкү жыйынга аймактардан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Нарматов жергиликтүү органдар табарынан коалициянын программасын түзүүдө бир катар сунуштар берилгенин айтты.

Ал коалиция аймактарда буга чейин чечилбей келген көйгөйлөрдүн чечилишине түрткү болот деген ишеничте.

«Коалициянын кеңешмесине айыл өкмөттөр да катышып жатат. Коалиция жакшы түзүлүптүр. Ыраазычылык билдиребиз. Анын негизги максаты: айыл өкмөттөргө жардам берүү, айыл өкмөттөрдүн ишин жакшыртуу. Юридикалык жактан жана башка жактардан жардам бере турган терең долбоор экен. Мен да бул боюнча өзүмдүн бир катар кеңештеримди сунуштадым. Алгач ушул ирригация маселеси боюнча. Бул — бүгүнкү күндөгү аябай көйгөйлүү маселе. Булардын баары айыл өкмөткө келип топтолот. Коалиция да программасына ушул маселени киргизип, жоболорун иштеп чыкса, бизге чоң жардам болмок».

Коалиция координациялык кеңештин катышуучуларына келечектеги жолугушууларда ири темаларды, көйгөйлөр менен маселелерди аныктоону сунуштады. Мисалы, таштанды чыгаруу тармагындагы жаңы мыйзам, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жергиликтүү коомчулукту адаптациялоо, жергиликтүү жана аймактык контексттен улам аялдардын трансформациясын колдоо, аймактык реформага байланыштуу муниципалдык кызматтын кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана башкалар.

Коалициянын Координациялык кеңешинин кийинки отуруму 2024-жылдын жаз мезгилине белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM