Биз менен байланышыңыз

Н. Кадырбеков: Аэропорттогу баалар асманда

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 206 | 0

Аэропорттогу баалар асманда. Мындай пикирин депутат Нуржигит Кадырбеков парламент жыйынында билдирди.

Депутат күз-кыш айларында аба-ырайына байланыштуу аба каттамдары үзгүлтүккө учураган мезгилде жүргүнчүлөргө ысык тамак уюштуруу маселесин баса белгилеп өттү.

«Манас» аэропорту авиакомпаниялар менен сүйлөшүп, ушундай жагдайда карыларга жана балалуу энелерге ысык чай уюштуруусу кажет. Аэропорт ичиндеги бааларды айтпасак да белгилүү. Мындай учурлар кышкысын башталат», — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM