Биз менен байланышыңыз

2024-жыл — «ШКУнун Экология жылы» деп жарыяланды

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 607 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынын Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров ачып берди.

Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында «ШКУ үй-бүлөсүнүн» кеңейиши, кылынып жаткан алгылыктуу иштер жана ШКУнун Кыргызстанга тийгизген таасирин айтып берди.

ШКУнун ишмердүүлүгүн жакшыртууга олуттуу көңүл буруп, уюмдун уставдык документтерине өзгөртүүлөрдү жана институционалдык реформаларды киргизүү боюнча көп иштер алдыда күтүп турарын, бул маселе боюнча тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Бүгүнкү күндө ШКУ дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды түзөт же дүйнө элинин 42%дан ашыгын түзөт.

«ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга жана мамлекеттерибиздин ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарт түзөт. Бул багытта «Кытай — Батыш Азия — Европа» маршруту боюнча Чыгыш менен Батышты бириктире турган «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун прогрессивдүү жүрүшүн белгилегим келет», — деди А. Жапаров.

Ал ошондой эле 2022-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн үлүшүнө Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 79,0%ы туура келгенин, анын ичинде экспортто 79,5%, импортто 78,8%. Мында 2021-жылга салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 1,7 эсеге өскөнүн билдирди.

Уюмдун алкагында «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана технологияларды колдонуу биздин өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча кеңейтилген кызматташтыкка көмөктөшүү маанилүү.

«Биз климаттын өзгөрүшүнө, абанын жана суунун булганышына каршы күрөштө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо күчтөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз. Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алуу менен келерки 2024-жыл «ШКУнун Экология жылы» деп жарыяланды жана бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар планы кабыл алынат», — деди Жапаров.

Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны Пакистанда өтөрүн белгилеп, ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM