Биз менен байланышыңыз

ШКУ жыйынында кызматташуу жаатында 14 документке кол коюлду

Кыска кабар , Саясат | 26 Окт 2023 | 1180 | 0

2023-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
  2. ШКУ катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчёту тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;
  3. 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун каржылык отчёту тууралуу өкмө башчылар кеңешинин чечими;
  4. ШКУнун 2024-жылга бюджети жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  5. ШКУнун каржылык эрежелери жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  6. ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана кенемтелери жөнүндө Жобо тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  7. ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын каржылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  8. ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими (Ташкент шаары, 2019-жылдын 2-ноябры);
  9. ШКУ Катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  10. ШКУнун аймактык-антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;
  11. ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун Концепциясы боюнча өкмөт башчылар кеңешинин чечими;
  12. 2017-жылдын 1-декабрындагы ШКУнун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  13. ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);
  14. 2024-жылы ШКУда «Экология жылын» өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.

Copyright © 2017 Maral FM