Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата көргөзмө ачылат

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 182 | 0

Бүгүн, 26-октябрда саат 14:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Көргөзмө эки бөлүктөн турат:

  1. Жазуучунун чыгармаларынын негизинде жасалган философтун, ойчулдун инсандык масштабын ачып берген эмгектер;
  2. Жазуучунун чыгармачылыгына түздөн-түз тиешеси бар, жазуучунун 95 жылдыгына арналган, Кыргызстандын көркөм сүрөт мектебинин жалпы өнүгүүсүн чагылдырган чыгармалар.

Бул көргөзмө Кыргызстандын көркөм сүрөт мектебинин мындан ары да өнүгүп, Чыңгыз Айтматовдун түбөлүктүү чакырыктарын бекем карманып келе жатканын чагылдырып берет.

Көргөзмө 12-ноябрга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM