Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссия түрмөлөрдүн абалы менен таанышты (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 134 | 0

Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча тиешелүү органдардын ишин иликтеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы абактарды кыдырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу жетектеген комиссия алгач өлкөдөгү эң чоң абактардын бири саналган  Новопокровкадагы №3 түзөтүү мекемесинде болду. Бул жайда азыркы тапта 730 адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Комиссия түрмөнүн абалы менен таанышып, анда кармалгандардын арыз-муңун угушту. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын айрымдары соттордун адилетсиздигинен улам мыйзамсыз камакка алынганын билдиришти.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу комиссиянын негизги максаты мыйзамсыз отургандарга көмөк көрсөтүү, ошол эле учурда өзгөчө оор кылмыштарды кылып, бирок айрым соттордун коррупциялык аракеттеринен улам мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып кеткендерди аныктоо экенин билдирди.

«Албетте, бул жерде отургандардын баарын күнөөсүз деп айта албайбыз. Кылмыш кылгандар мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек. Бирок ошол эле учурда соттордун акыйкатсыздыгынан улам ак жеринен отурандар да бар экени коомчулукта көп айтылат. Биз аларга көмөк көрсөтүшүбүз зарыл. Эч ким мыйзамсыз эркиндигинен ажыратылбашы керек», – деди ал.

Муну менен катар эл өкүлү жабык жайларда көйгөй абдан арбын экенин айткан.

«Комиссия түзүлгөн күндөн тарта бизге каттар келүүдө. Мисалы, ал каттарда мөөнөтүнөн мурда бошотууга 2000 долларга чейин пара талап кылышканы тууралуу да жазылган. Бүгүнкү жолугушууда да майып кылмышкерлердин тиешелүү документтерди ала албай жатышканы айтылды. Андан тышкары, паспорт берүү жагында да көйгөйлөр бар экенине күбө болдук», – деп кошумчалады.

Комиссиясынын иши №50 өзгөчө режимдеги жаза аткаруу жайында уланып, оор кылмыштарга айыпталып, камерада жаткандарды кармоо шарттары менен таанышты. Муну менен катар кармоо жайынын жетекчилери жана кызматкерлери менен пикир алышты.

Жусупбек Коргонбай уулу баштаган комиссия өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандар кармалган Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19 мекемеде болушту. 309 жаран кармалып турган жайдагы түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты. Депутат өмүр бою кесилгендер менен сүйлөшүп, пикирлерин укту.

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM