Биз менен байланышыңыз

Ажылык сапарына баруучуларга кандай талаптар коюлат?

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 227 | 0

2023-жылдын 20-ноябрына чейин  орундар (квота)  толуп калса, каттоо  мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Ажылык сапарына баруучуларга коюлган талаптар:

  1. 2024-жылы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  2. Ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2024 счётуна)төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
  3. Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2023 счётуна) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы.
  4. Тышкы паспорту.

(электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл).

(Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрь айына чейин бүтүүсү жараксыз).

  1. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

(Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1979-жылы февраль айында төрөлсө, метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми март айында төрөлсө документтин түп нускасы талап кылынат).

  1. 3×4көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.

(Сүрөт түстүү, ак фондо,жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт. Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).

  1. 2023-жылы ноябрь айында алынган №086у формасындагы медициналык справка.
  2. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу.
  3. Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  4. Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номуру каттап жаткан операторго берилүүсү талап кылынат.
  5. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2024-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  6. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан  (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт.

Муфтият 2024-жылы ажылыкка баруучу жарандар жарыяланган мөөнөттөн кечиккен болсо, каттоого алынбай калаарын эскертет.

2023-жылы катталып, акчасын албай базада турган талапкерлер үчүн:

2023-жылы РСК Банкына 1000 АКШ долларын төлөп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер 9-ноябрдан 20-ноябрь (20-ноябрды кошо эсептегенде) аралыгында сумманы 2000 АКШ долларга толуктоосу зарыл.  Эгер талапкер 2000 АКШ долларга  толуктай албай калса, ажылыктын электрондук  тизмесинен чыгарылат.

Муфтият төлөмдү толуктаган талапкерлер КМДБнын түзүмүндөгү тиешелүү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн толуктоочу 1000 АКШ долларын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды (перечень документов) тапшыруусу милдеттүү экенин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM