Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы борбордогу дагы бир кафени сүрдүрүп таштады

Коом , Саясат | 24 Окт 2023 | 654 | 0

Бишкек шаарын иретке келтирүү максатында дагы бир кафе сүрдүрүлдү. Мэриянын айтымында, кафенин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, андан тышкары имарат белгиленген кызыл сызыктан да чыгып кеткендиктен бузулуп жатат. Шаар бийлиги 20-августта эле эскертүү берген, келишимди узартууга макул болушкан эмес. Ал эми кафени иштеткендер имарат ижарага алынганын, сүрдүрүү боюнча маалымат кеч берилгенин айтышууда.

Бишкек мэриясы шаардын Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ожак кебап» кафесин бузуп, кызыл сызыктан чыгып кеткен жери толук алынып жатат.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев билдиргендей, аталган кафе беш жылдык ижарада турган. Ушул жылдын август айында ижара мөөнөтү бүтүп, 20-августта «Ожак кебап» кафесинин жетекчилигине бузуу боюнча эскертүү берилген.

«Бул жер беш жылга ижарага берилген. Ушул жылдын август айында ижара мөөнөтү бүтүп, комиссиянын чечими менен  келишим жокко чыккан. «Ожак кебап» кафесинин имараты шаарыбыздын борборунда жайгашкан чоң имараттардын бири болчу. Шаарды көрктөндүрүү жана иретке келтирүү максатында буздуруп жатабыз. Ошондой эле бул жерде чоң тротуар келе жатып эле кичирейип кеткен, имарат тротуардын үстүнө курулуп калган. Биз бул жерди сүрдүрүп, жөө баскандар үчүн жер астынан же үстүнөн өтүүчү өтмөк курабыз. Биз 20-август күнү эле ижарачыларга билдирмесин бергенбиз. Бирок ал талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келген».

Орунтаев ижарачылар имараттын ээсине ай сайын жети миң доллар төлөп келгенин, ал эми имараттын ээси шаар бюджетине бир жылда 100 миң сомдун тегерегинде гана акча төккөнүн кошумчалады.

«Ожак кебап» кафесинин администратору Салтанат Акмолдоеванын айтымында, имарат сүрдүрүлөрүн ээси кеч айткан. Кафенин жамааты анда иштегендер башка жерден жумуш орун тапканча чейин убакыт берүүсүн мэриядан суранышкан, бирок шаар жетекчилиги макул болбой койгон.

 «Биз субижарага алганбыз, имараттын кожоюну башка киши. Ал бизге «20-августта эскертүү берилди, Бишкек шаардык мэриясына ижара мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүп, арыз жаздык» деген. Алар бул жерге жөө жүргүнчүлөр өтө турган өтмөк куруларын айткан экен. Жердин ээси жок дегенде ошого чейин узартып беришин сураныптыр, мэрия ага макул болбой коюптур. А биз мэрия макул болбой койгонун, бүгүн келип бузарын кеч билип калдык. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаевге кайрылып, бир-эки күн убакыт беришин сурандык. Себеби бул жерде 22 адам иштейт. Аларды башка бөлүмдөргө которуп, толук иш менен камсыздаганга бир канча күн кетет. «Бир аз убакыт бергиле, биз өзүбүз да бузганга жардам беребиз, шаардын көрктүү болушун биз да каалайбыз» деп кайрылдык».

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Дамира Жолдошалиеванын айтымында, борборду иретке келтирүү иштеринде тротуарларды оңдоого бюджеттен акча көп бөлүнгөн. Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү жолдорду оңдоодо айрым имараттар белгиленген сызыктан чыгып кеткендиктен аларды бузууга туура келүүдө. Айрым учурда мыйзамдуу салынган имараттарды да бузууга туура келип жатат.

«Биз эки жылдан бери «шаардагы тротуарларга бюджеттен акчаны көбүрөөк бөлгүлө, аларды ондоо керек» деп жатып, мына быйыл оңдоло баштады. Жөө жүргүнчүлөр жүргөн жолдорду оңдоодо айрым имараттар мыйзамсыз курулуп, кызыл сызыктан өтүп кеткен, аларды буздуруу бир топ түйшүк жаратып жатканын көрүүдөбүз. Айрым учурда мыйзамдуу салынган имараттарды да бузууга туура келүүдө. Себеби «шаардын тротуары бир стандартта болушу керек» деген план, талап бар». 

Ошондой эле Жолдошалиева сүрдүрүү иштеринде коопсуздук эрежелери так сакталышын, биринчи кезекте айланадагы адамдардын коопсуздугун эске алуу керектигин айтты.

«Негизи демилге көтөргөн тарап бардык коопсуздук эрежесин сакташы, мындай учурларда сөзсүз түрдө коопсуздукту биринчи кезекте ойлонуп, андан кийин иш жүргүзүшү керек. Тилекке каршы, Бишкек шаарында жолду жаппай, эл өтүп жатканына карабай эле бардык жерде бузуп салуу, оңдоп-түздөө жасалып жатат». 

Сүрдүрүү иштеринин жүрүшүн тартып алуу, тийиштүү тараптардан себептерин билүү үчүн атайын барып, коопсуздук чаралары сакталбаганына күбө болдук. Ары-бери өткөн элдин абайлап жүрүүсүн, техника иштеп жатканын эскерткен белгилерди, жазууларды көргөн жокпуз.

Буга чейин Бишкек шаарын иретке келтирүү максатында бир нече кафе, ресторан, ар кандай имараттар түрттүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM