Бишкекте бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар убактылуу токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Троллейбустардын иши 1,5 саатка токтотулат, алар кайрадан саат 17:30дан тарта жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.
Мындай чара 23-25-октябрга чейин Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өткөндүгүнө байланыштуу көрүлүүдө.