Биз менен байланышыңыз

Газа тилкесиндеги жардыруудан казакстандык аял каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 414 | 0

Газа тилкесиндеги бомбалоодон Казакстандын жараны мерт болду. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

«22-октябрда Газа тилкесиндеги атышуудан Казакстандын жараны мерт болду. Тилекке каршы, аны менен бирге Палестинанын жарандыгында болгон 23 жаштагы кызы да каза тапкан», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына караганда, казакстандык аял Палестина жарандыгындагы жолдошу менен Газа тилкесинде узак убакыттан бери жашап келген.

Буга чейин ТИМ бул аймакта Казакстандын 100дөн ашык жараны бар экенин билдирген.

Айта кетсек, согуш башталган алгачкы күндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израилде жашаган токсонго чукул мекендеш катталганын, аларды алып чыгып кетүүгө аракет көрүлүп жатканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM