Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз дипломатиясында кадр саясаты калыпка түшө элек»

Блог | 24 Окт 2023 | 684 | 0

Дипломатия – белгилүү бир мамлекеттин тышкы саясатына байланышкан милдеттерин, максатын жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт башчысы же атайын органдар жүргүзгөн саясат. Адатта дипломатияны кээде «тышкы мамилелер жөнүндө илим», «сүйлөшүү өнөрү» деп да аташат.

Бүгүн, 24-октябрь — Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы. Бул дата 1998-жылдын 21-октябрында Кыргыз Өкмөтү кабыл алган № 689 токтомго ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнүнүн урматына белгиленген.

Ал эми Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын тарыхы 1944-жылдын 17-мартынан башталат. Себеби ушул күнү өлкөдө Тышкы иштер министрлиги ачылган.

Бул датага байланыштуу мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен маектештик.

— Кыргыз дипломатиясынын соңку 30 жылдагы тарыхында өзгөчө баса белгиленүүчү кандай жетишкендиктери бар? Негизи эле кыргыз дипломатиясы эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

— Кыргыз байыркы эл болгону үчүн дипломатия деген улуттун канына сиңип калган. Анткени көз караштары менен көп нерсени байкап, улуу муун менен кичүү муундун, аял менен эркектин мамилеси кандай болушу керек экенин билип турушкан. Мунун баары — дипломатия. Эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары белгилүү дипломаттардан аз эле болчу: Ишенбай Абдуразаков, Муратбек Иманалиев жана Роза Отунбаева. Биз ар кандай адистиктерден дипломатияга келип, андан кийин гана көп нерсени үйрөндүк. Биздин дипломатияны көп кырдуу дейт элем. Себеби ички саясатта кандай өзгөрүү болсо, тышкы саясатта да ошондой өзгөрүүлөр болуп турган. Ал эми биздин жетишкендигибиз чек ара маселесинде. Азыркы учурдагы Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен болгон алаканы чечип алганыбыз — жакшы жетишкендик. Жалпысынан алганда, ар кандай сын-пикир, нааразычылыктар жок эмес. Негизгиси, коопсуздук, маданий жана экономикалык жактан аракеттер жакшы болуп жатат.

— Кыргызстандын азыркы жүргүзүп жаткан тышкы саясатына кандай баа бересиз?

— Азыр дүйнө жүзүндө тышкы саясат татаалдашып кетти. Чоң мамлекеттердин тиреши күчөп, мурдагыдай эл аралык келишимдер көп иштебей, кайсы өлкө күчтүү болсо, «биздики чындык» деп турат. Биз территориялык жактан да, экономикалык жактан да алсыз болгонубуз үчүн тышкы саясатты жүргүзүү кыйыныраак болуп калды. Бирок ошого карабастан биздин дипломаттар, президент улуттун эгемендигин, кызыкчылыгын сактаганга аракет кылып жатат.

— Кыргыз дипломаттарын даярдоо өз нугуна түшкөнбү?

— Жалпы кадр саясаты кандай болсо, дипломатияда да ошондой болуп келе жатат. Тилекке каршы, соңку 30 жылда ушундай, нукка түшө элек. Көбүнчө жетекчилер алмашканда көп өзгөрүүлөр болуп, дипломаттар өзүнүн деңгээлинде жумуш албай, сыртта калып кетип жатат. Дипломатия деген дүйнөдө абдан туруктуу түзүмдө, консервативдүү багытта өнүгүп келет. Бизде да ушул нерсе орносо, тышкы саясатыбыз туруктуу болмок. Ошондуктан жетекчилер туруктуу кадр системасын түзүшү керек деп ойлойм.

— Кыргыз дипломатиясы азыркы дүйнөлүк кырдаалды эсепке алганда эмнелерге даяр турушу керек?

— Менин оюмча, мындан ары ири державалардын арасында тиреш күчөйт. Ошол эле АКШ, Кытай, Орусия же НАТО уюму арасында кооптонуулар туулуп жатат. Буга биздин позиция так-айкын жана эл колдоочу тышкы саясат болушу керек. Ошондуктан дипломатияга кадрдык, каржылык жактан колдоо көрсөтүү зарыл. Ал эми дипломаттардын коомдук ишмерлер, илимпоздор жана саясат талдоочулар менен көбүрөөк кеңешип, иш алып баргандары жакшы деп ойлойм.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM