Биз менен байланышыңыз

Хайитхон Хусан кызы Азия паралимпиада оюндарынын чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 23 Окт 2023 | 1214 | 0

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан IV Азия паралимпиада оюндарынын чемпиону болду.

Спортчу мелдешке 48 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 2/1 финалдык беттеште индонезиялык балбанды жеңди. Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык Хангаи Шизука менен күч сынашып, атаандашын 1 мүнөт 26 секундда жеңди.

Бул медаль Азия паралимпиада оюндарында Кыргызстан үчүн биринчи алтын медаль болду.

Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын дагы бир мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Азия паралимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болду. Спортчу 5000 м аралыкты 17 мүнөт 18 секунд убакытта чуркап өткөн.

20-октябрдан 30-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия паралимпиада оюндары өтүүдө. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 29 спортчу кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM