Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасы: 410 жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 312 | 0

«Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайынан жеңил унаалардан жана Кант цемент заводунун жүк ташуучу унааларынан тышкары Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 унаа өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Посттордон өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, жүк ташуучу унаалар топтолуп жатат.

2023-жылдын 23-октябрында саат 12:00го карата Кыргызстандан чыгуу үчүн «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү пунктунда 410 жүк ташуучу унаа кезекте турат.

Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолушун сезондук көрүнүш катары баалап, айыл чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргызстандан көп экспорттолушуна байланыштуу экенин баса белгиледи.

Кыргызстан тараптан да, Казакстан тараптан да жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги  өткөрүү жайлардын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM