Connect with us

«Айыл чарбада жылыш жок, өндүрүм көлөмү өткөн жылдагыдай эле калды»

Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 338 | 0

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2023-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жарыялады. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки экономиканын жана социалдык өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча жогорку өсүштүн темпи белгиленди.

Алсак, орточо эмгек акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7%га өсүп, 32 миң 78 сом деп белгиленген. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, 9 млрд 407 млн АКШ долларына жеткен.

Мында Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1 млрд 850 млн АКШ долларын, ал эми импорт 23%га өсүп, 7 млрд 5 млн АКШ долларын түзгөн.

Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча да олуттуу өсүш байкалган, 2023-жылдын 9 айында 23 млрд сомду түзгөн, бул өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп.

Жук ташуулардын көлөмү 13%га өсүп, ал 35,5 млрд сомду түзгөн.

2023-жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18%га өсүп, 791 млрд сомду түзгөн.

Мындан тышкары негизги капиталга инвестиция 17%га өсүп, 97 млрд сомду түзгөн.

Жалпысынан курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13%га өсүп, 106 млрд сомду түзгөн.

Айыл чарбасы өткөн жылдын деңгээлинде калды, иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү болгон жок: айыл чарба продукциясынын көлөмү 294 млрд сомду түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21%ды түзгөн.

Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19% менен Чүй облусу жана 13%ды түзгөн Бишкек шаары кирди.

Өткөн жылга салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөп, көлөмү 75%ды гана түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM