Биз менен байланышыңыз

Түрмөгө баңгизат алып кирүүгө аракет кылган таксист кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 309 | 0

Абакка баңгизат кийирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарындагы №5 тергөө абагына тамак-аш алып келген Р.М.М. аттуу жаранды баштыгын текшерүүдө өзгөчө жыты бар, скотч менен чапталган кызгылт-сары таңгак табылган. Салмагы 1 килограммды түзгөн бул таңгакта гашиш болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Кармалган таксист өз көрсөтмөсүндө аны белгисиз адамдар жалдаганын айткан.

Чогултулган материалдар мындан ары биргеликте иликтөө жана текшерүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM