Биз менен байланышыңыз

Кочкор районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 212 | 0

2023-жылдын 19-октябрында саат 21:16да Кочкор районунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Силкинүү Кочкор районунун Кочкор, Большевик, Кара-Суу, Кара-Тоо айылдарында 3 баллга жеткен, Терек, Ак-Жар, Арсы, Семиз-Бел, Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM