Биз менен байланышыңыз

Израиль-ХАМАС согушу боюнча депутаттардын пикири

Дүйнө , Саясат | 18 Окт 2023 | 872 | 0

Бугүн, 18-октябрь Жогорку Кеңештин жыйынында согуштан жабыркаган палестиналыктарга жардам берүүнүн жолдорун кароо маселеси көтөрүлүп, депутаттар Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунушташты. Дагы бир депутат дары-дармек, гуманитардык жардам жиберүүнүн жолун кароону өтүнүп, Жогорку Кеңеш өз позициясын билдирип коюшу керектигин айтты.

Депутат Марлен Маматалиев Израиль-ХАМАС согушу боюнча БУУда добуш берүүдө Кыргызстан Палестинаны тандаганыбыз туура болот деп эсептейт.

«Мамлекетибиздин 90% эли мусулман болгонуна байланыштуу, диний көз карашыбыздын негизинде Палестинаны колдошубуз керек. Кайсы мамлекет басып алганын эске алып, тарыхтагы фактыга таянып, 1946-жылдагы БУУнун жардамы менен чийилген картаны, алар чынында эки эсе кирип кеткенин эске алып, биз, албетте, Палестинаны колдойбуз».

Депутат Чыңгыз Айдарбеков согуш болуп жаткан жердеги кыргыз боордошторду Мекенге кайтаруу үчүн өкмөт жең түрө ишке киришкенине ишенерин айтат. Ошондой эле азыркы заманда маселени аскер күчү менен эмес, дипломатиялык тил менен чечүү керек деген ойдо.

«Негизи эле кандай чыр-чатак болбосун, дипломатиялык тил менен чечүү керек деген ойдомун. XXI кылымда аскер күчү менен маселе чечилбейт. Окуя болуп жаткан жерде жашаган кыргызстандык жарандарыбыз бар экен. Аларды Мекенге кайтарууга биздин органдар тиешелүү иш-аракеттерди көрүп жатат деп ишенем».

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мындай учурда эл аралык келишимдердин негизинде расмий түрдө кайсы бир мамлекет позициясын билдирет.

«Ислам өнүктүрүү банкынан насыяларды алганда, ал жактагы макулдашууда «Биз Палестинаны колдошубуз керек» деп так  жазылып турат. Эл аралык келишимдердин негизинде позиция айтылышы керек. Азыр көп мамлекет өзүнүн оюн айтып жатат. Эгерде Кыргызстан пикирин билдирсе, эч кандай зыяны тийбейт».

Депутаттардын Палестина калкына гуманитардык жардам жеткирүү демилгеси боюнча Нуржигит Кадырбеков пикирин билдирип, «Согуш болуп жаткан жерге Кыргызстандын жардамы жетеби?» деген суроо койду.

«Кыргызстан көпчүлүктүн нугунда эле сүйлөшүүгө чакырган оюн билдирип жатат. «Акыл жетет, күч жетпейт» деген позицияда деп ойлойм. Израиль тарап ХАМАС кол салып, ошондой эле алар аны терроризм катары баалап, күрөшүп жатканын айтышууда. Менимче, терроризмге каршы даректүү күрөшүү керек. Ал жактагы Газа секторунда 2 миллиондон ашык адам жашайт. Аларды «чыгып кеткиле» деп жатышат. Каякка чыгат? Египет чек араны жаап койду, Батыш жакка кетейин десе, Жер ортолук деңиз бар, бир тарабы Израиль. Жөн эле элди кыйнап, бөөдө өлүмгө алып келген окуя болуп жатат. Азыр Кыргызстан тажрыйбалык жардам жөнөтүшү керек. Бирок ал жардам кантип жетет, бул — маселе. Ал жактагы биздин жарандарды чыгарып кетүү да көйгөй болуп жатпайбы».

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 18-октябрда Палестина жарандарынын көп сандаган курмандыгына алып келген Газадагы Аль-Ахли ооруканасына болгон аскердик соккуну кескин айыптаган билдирүү таратты. Министрлик эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM