Биз менен байланышыңыз

Элүү бажы кызматкеринин иштен алынышы тазаланууга кадамбы?

Коом , Саясат | 18 Окт 2023 | 923 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон» делген 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулганын билдирди. Атайын кызматтын 18-октябрдагы билдирүүсүндө айтылгандай, Бажы кызматынын ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдары аныкталган, алардын Көлбаев жана Матраимов менен тыгыз байланышта болуп келгени такталган.

Атайын кызмат жумуштан алынган кызматкерлердин аты-жөнүн, кызмат ордун тактаган жок. Бул кадам эмнеден кабар берет жана коомчулук кандай ойдо?

Бүгүн «кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кызматташкан» деген шек менен 50гө жакын бажы кызматкери кармалганы маалым болду.

Бул кримдүйнөсү менен болгон күрөштүн уландысы экенин эксперттер айтышууда.

Коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов өлкөдө мамлекеттик органдардын ичинен бажы кызматы эң коррупциялашкан тармак экенин айтып, бул аракетти тазалануунун башы катары баалады.

«Мамлекеттин ичинде мамлекеттик органдардын ичинен эң коррупциялашкан Бажы болуп калды. Ошондуктан азыр коррупция менен күрөштүн алкагында негизинен Камчыбек Кыдыршаевич туура кылып жатат. Мындай иш-чара нормалдуу эле нерсе, менин жеке пикиримде. Криминалдык схемаларга аралашкан адамдардын баары кызматынан кетиши керек. «Элүү эле киши экен» деген да — менимче, жаңылыштык. Ал жерде аты аталган адамдарга тиешеси барлары да, тиешеси жоктору да толтура. Бажы системасы жалпысынан коррупциялашкан. Ошондуктан «бул — күрөштүн эң башы» деп коё берели. Муну качандыр бир күнү башташы керек эле. Андыктан бажыдан башка да мамлекеттик органдарды тазалап, ушундай күрөш жүрүшү керек».

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун айтымында, жөн гана «50гө жакын адам кармалды» деп маалымат берип койбостон, ар биринин аты-жөнүн, кызматын, аты аталган адамдарга канчалык деңгээлде байланышы болгонун да ачык жарыялоо керек.

«Азыр мына 50гө жакын адам четтетилди деп жатат. Бул жөн эле бир декларативдик сөз эмес, тагыраагы, аты-жөнү ким, кандай байланышы болгон, кандай жол менен кызматка кирген, кантип ошол бажыда кримтөбөлдүн буйругун аткарып келген, кандай коррупциялык схемалар түзүлгөн, мына ушулардын баары элге ачык жарыяланышы керек».

Аскарбеков ошондой эле кримчөйрөсүндөгү адамдарды гана кармап, алар менен эле күрөшпөстөн, «каралардын» таасири менен жогорку кызматка баргандар да аныкталып, жоопкерчиликке тартылышы керектигин кошумчалады.

«Биз буга чейин да бир нече ирет айтканбыз. «Кылмыш дүйнөсү, кримчөйрө менен күрөшүүдө кримтөбөлдөрдү же түрмөдө отурган ошол кылмыштуу топко түз тиешеси бар адамдарды аныктап тим болбостон, кримтөбөлдөрдүн колдоосу, сүрөөсү менен жогорку кызматтарга, депутаттыкка келгендердин баары аныкталып, кылмыш ишинин алкагында жоопкерчиликке тартылсын» деген коомчулуктун талабы да болгон».

Ал эми экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров качан гана бажы тармагы толук автоматташтырылып, адам ресурсу кереги жок болуп калганда гана коррупция токтойт деген пикирде.

«Бүгүнкү күндө адам ресурсу керектелбеген, автоматташтырылган система болгондо гана «акчанын баары түз мамлекеттик бюджетке түшүп жатат» деген ишеним болот. Адам факторун жокко чыгармайынча, кайра башка адамдын адамы туруп калат».

УКМК «мамлекеттик мекемелердеги абийирсиз кызматкерлерди аныктоо жана бөгөт коюу» улантылып жатканын кошумчалады.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. УКМК мындан кийин криминалга каршы күрөш уланарын айткан. Анын алкагында «Көлбаевге тиешеси бар» делген бир канча киши кармалып, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM