Биз менен байланышыңыз

Газадагы оорукананын жардырылышы жана ага дүйнөнүн реакциясы

Блог | 18 Окт 2023 | 705 | 0

Израилдин Газа секторундагы ооруканага жасаган абадан соккусунун айынан каза тапкандар саны 800гө жакындады. Айрым маалыматтарда 500дөн ашканы айтылууда. Газанын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилиги каза тапкандардын баары жай тургундар, дарыгерлер экенин билдирди.

Израил бул чабуулдун жоопкерчилигин өзүнө алган жок. Алар ХАМАС Израилге чабуул коюп жаткан учурда ката кетирди деген жүйөөнү келтирүүдө. Бирок, аскерий эксперттер Газадагы ооруканага АКШда өндүрүлгөн JDAM ракетасы менен чабуул болгонун айтышууда. Ракета өтө ылдам учканы жана анын үнү башкалардан айырмаланып турат.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас ооруканада каза тапкандардын элеси үчүн өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Орусия жана Бириккен Араб Эмираттары БУУдан 18-октябрь күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда.

БУУ жана Евробиримдиктин реакцисы

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ал-Аҳли ооруканасына жасалган чабуулду «эң жогорку даражада» каралап, «Газа секторундагы ооруканага бүгүн жасалган чабуулдун айынан жүздөгөн кишилердин өлүмү мени шок абалда калтырды», — деп жазды ал Х (Твиттер) микроблогунда. Ал оорукана жана дарыгерлер эл аралык укуктун негизинде коргоого алынганын да эскертти.

Европа кеңешинин жетекчиси Шарл Мишел Газада ооруканага жасалган чабуулду эл аралык укуктун бузулушу деп атады.

Германиянын тышкы иштер министрлиги «Жарандык объекттер, айрыкча ал бейтаптар жаткан оорукана болсо, кандай учур болбосун чабуул жасалбашы керек. Газадагы Ал-Ахли ооруканасына жасалган чабуул бизди шок абалга кептеди», — деп билдирүү таратты.

«Ооруканага жана жай тургундарга жасалган чабуулду эч кандай сөз менен актап болбойт», — деп жазды Франция президенти Эммануель Макрон. Ал Газа секторуна тезинен гуманитардык жардам коридорун ачууга жана ооруканага жасалган чабуулду тезинен иликтөөгө чакырды.

Мусулман өлкөлөрүнүн реакциясы 

«Аялдар, балдар жана эч кандай күнөөсү жок жай тургундар жаткан ооруканага чабуул жасоо — бул Израилдин адамгерчиликтен чыккан аракеттеринин далили. Мен бардык адамзатты Газа секторундагы аёосуз мыкаачылыкты токтотууга чакырам», — деп жазды Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган.

Египеттин муфтийм Шавки Аллас Израилдин аракетин сындап, дүйнөлүк коомчулукту » Израилдин палестиналыктарга жасап жаткан кылмыштарын токтотуу үчүн» маселеге аралашууга чакырды.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлиги «Газадагы оорукананын жардырылышы — оор кылмыш» деп атады.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү «Газа секторундагы оорукананы мыкаачылык менен жардыруу бул кылмыш, сионисттик режим негизги эл аралык согуш принциптерине баш ийбей жатат», — деп баяндама жасады.

Иорданиянын падышасы Газадагы абалды «кыргын» жана «аскерий кылмыш» деп атады. Ошондой эле Иорданиянын тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Жо Байдендин бүгүн, 18-октябрда күтүлүп жаткан расмий визитин жокко чыгарды.

Мусулман өлкөлөрүндөгү нааразычылык акциялары

Иордания, Ливан, Тунис, Мараккеш, Ирак, Ливиянын Триполи шаары жана Түркиянын Стамбул шаарларында 17-октябрь кечинде жүздөгөн адамдар нааразычылык акцияларына чыгышты.

Иордания борбору Амманда митингге чыккандар Израилдин элчилигине кирүүгө аракет кылган. Ушундай эле көрүнүш Ливандын борбору Бейрутта да болду. Алар Бейруттагы АКШ жана Франциянын элчиликтеринин жанында топтолушкан. Ливандын «Хезболлах» башкарган тарабында да миңдеген адамдар көчөгө чыгып, мусулмандарды ойгонууга чакырды.

Тунис, Мараккеш, Ирак жана Ливияда дагы ушундай көрүнүштөр орун алды.

Стамбулда Израилдин консулдугунун имаратынын жанына топтолгондор, Израилди айыптаган ураан чакырып, палестин желектерин көтөрүп чыгышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM