Биз менен байланышыңыз

Азия паралимпиада оюндарына Кыргызстандан 29 спортчу катышат

Кыска кабар , Спорт | 16 Окт 2023 | 969 | 0

Кыргызстандык спортчулар 20-октябрдан 30-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган IV Азия паралимпиада оюндарына катышуу үчүн кетишти. Аларды узатуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Анын айтуусунда,Азия паралимпиада оюндарына Кыргызстандан 29 спортчу барды.

Байсалов Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Адилет Камчыбековго өлкөнүн мамлекеттик желегин тапшырып, спортчуларга жана аларды коштоп жүргөн адамдарга алдыдагы мелдештерде күжүрмөндүк жана ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM