Connect with us

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери саммитте эмнелерге токтолду?

Дүйнө , Коом , Саясат | 13 Окт 2023 | 621 | 0

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чогулду. Саммитте уюмдун алкагындагы актуалуу маселелер, өлкөлөр аралык мамилелер жана уюмдун келечеги талкууланды. Саммитке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Орусия жана Беларусь президенттери катышты. Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян саммитке бир нече күн калганда келүүдөн баш тартты. 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко кечээ, 12-октябрда келишти. Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин учактары «Манас» аба майданына бүгүн, 13-октябрда конду.

Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ лидерлеринин жыйынынан сырткары 12-октябрда расмий сапар менен келген. Ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев да бүгүнкү саммиттин негизги конокторунун бири болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды.

Учурашуу салтанаты жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.

Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартканы айтылды.

Самиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан форматта жыйын өткөрүп, анда сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров региондогу суу маселесин көтөрдү:

«Региондогу суу ресурстарынын 40%га жакыны өлкө аймагындагы суулардан түзүлөрүн эске алуу менен биз регионду суу менен камсыз кылуу маселесинде жогорку жоопкерчиликти билебиз. Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз».

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ уюмунун дагы деле келечеги бар экенин айтып, башка дос өлкөлөр менен да алаканы жакшыртуу зарыл деп белгиледи. Ошондой эле Батыштын экинчи баскычтагы санкцияларына карабай, айрым КМШ өлкөлөрү Орусия менен эки тараптуу мамилесин жана соодасын жүргүзүп жатканын билдирди.

«Батыш өлкөлөрү кыйыр санкция салуу менен коркутканына карабай, эки тараптуу соода КМШ өлкөлөрү менен жакшы жүрүүдө. Албетте, Орусиянын өнөктөштөрүнө кысым жасап, айрым жерде команда да берип жатышат. Бирок мен КМШ лидерлери да эң башкысы өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргогон жетекчи, адам экенин сезип турам».

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да дүйнөлүк соодада санкция колдонуу туура эместигин, бул жалпы дүйнөдө экономикалык кризисти пайда кыларын кошумчалады.

«Казакстан глобалдык соодага жана мамлекеттердин жыргалчылыгына терс таасирин тийгизген экономикалык санкцияларды колдонууга принципиалдуу түрдө каршы чыгууда. Казакстан актуалдуу эл аралык көйгөйлөрдү чечүү үчүн террордук ыкмаларды колдонууга катуу каршы. Тынч жарандарга карата зордук-зомбулукка барууга, ондогон жылдардан бери чечилбей келе жаткан милдеттерди ишке ашыруу үчүн террордук актыларга кайрылууга болбойт». 

КМШнын Бишкектеги саммиттине төрагалык кылган Кыргызстандын чечими менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевке атайын орден ыйгарылды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев берилген сыйлык ага жоопкерчилик артканын билдирип, КМШ өлкөлөрү менен Өзбекстандын алакасы мындан да жакшы болорун убадалады. Айрыкча Кыргызстан менен Өзбекстан 30 жылда чечилбеген маселелерди чечип алганын өзгөчө билдирди.

«Мен Кыргызстандын президентине өзгөчө ыраазычылык билдирем. Биз соңку жылдары Кыргызстан менен көп маселени чечтик. Тарыхты алып караганда соңку 30 жылда көп маселелер чечилбей туруп калган болчу. Биз мунун баарын достук, кызматташтык маанайда чечтик». 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 2025-жылы КМШнын үчүнчү оюндарын өткөрүүгө Азербайжандын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, шериктештиктеги мамлекеттер менен болгон кызматташууга токтолду:

«Биздин экономикалык байланыштарды бекемдөө жакшы натыйжа берүүдө. Өткөн жылы Азербайжан менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 30 пайызга өскөн. Быйыл да 20 пайыздан ашык өсүш болду. Азербайжан көптөгөн КМШ өлкөлөрү үчүн транзиттик-транспорттук тармакта ишенимдүү өнөктөш болуп саналат. КМШга мүчө көптөгөн өлкөлөр Азербайжандын Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорттук коридорлору боюнча транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланат. Бул эки транспорттук коридордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү боюнча ишке ашырылып жаткан жана келечектүү долбоорлор биздин өлкөлөрдүн транспорттук коопсуздугун чыңдоого жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө кызмат кылат».

Ал эми Беларустун өлкө башчысы Александр Лукашенко шериктештиктин негизги максатына токтолуп, кээ бир өлкөлөр алыстап кеткенин айтты.

«Шериктештикти түзүүнүн негизги максаты Советтер Союзу кулагандан кийин алакалардын үзүлүшүнө жол бербөө болгонун эске сала кетейин. Бул биздин атаандаштарыбызга туура келген эмес жана азыр да туура келбейт. Батыш бүгүнкү күнгө чейин бизди бузуп, алсыратып, өз кызыкчылыктарына баш ийдирүү аракеттерин токтотпой келет. Биринчиден, Грузия биздин ассоциациядан чыгып кетти, Украина биз менен эмес. Молдова боюнча чоң суроолор бар. Тилекке каршы, Армения биз менен дайыма эле чогуу боло бербейт».

КМШ лидерлеринин кезектеги жыйыны 2024-жылы октябрда Москвада өтөт. Тактап айтканда, КМШга төрагалык кылуу Орусияга өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM