Биз менен байланышыңыз

Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 272 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин «Кыргызстандын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичти Ардак ордени менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

«Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык алаканы чыңдоого, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйланат», — деп белгиленген жарлыкта.

Эскерте кетсек, Владимир Путин 12-октябрда Кыргызстанга рамий иш сапар менен келди. Анын алкагында бир катар иш-чаралар өтүп жатат.

Эртең, 13-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын саммити болот.

Copyright © 2017 Maral FM