Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде карга айланат. Тоолуу райондордо кар жааса, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Нарын облусундатүнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус жылыйт.
Бишкек шаарындамезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 8…10 градус болот.