Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга келген Путинди Акылбек Жапаров тосуп алды (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 348 | 0

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен тар жана кең форматтагы аңгемелешүү өткөрөт. Андан тышкары эки президент Кант шаарындагы ЖККУ авиабазасынын 20 жылдык салтанатына катышат.

Эртең, 13-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. Иш-чарага быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.

Айта кетсек, бул Орусия президентинин 2023-жылдагы чет өлкөгө биринчи сапары болду.

Copyright © 2017 Maral FM