Биз менен байланышыңыз

Алиев: «Тазалыкка» карызы барлардын эшигине атайын кагаз чаптап кетебиз

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Окт 2023 | 2051 | 0

Учурда «свет менен таштандыга бир дүмүрчөк берилсин» деген сунуш киргизип жатабыз. Бул ишке ашабы-ашпайбы, алдыда көрөбүз. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, таштанды жайларга камера коюуга демөөрчүлүк кылгандар болгон. Камерага түшкөн жарандарды социалдык баракчалардан элге көрсөтүп жарыялоо жакшы жыйынтыгын берген. Тилекке каршы, бардык жерге камера орнотууга «Тазалык» ишканасынын каражаты жетпейт.

«Элдин «Тазалык» ишканасына 185 млн сом карызы бар. Кээ бир адамдардыкы 20-30 миң сомго жеткен. Биз 1-ноябрдан баштап кимдин карызы 1000 сомдон ашса, ошол жарандын дарбазасына «Тазалык – сенден башталат» деген белги чаптап коёбуз», — деди Алиев.

Белгилей кетсек, ушул жылдын башында таштандыга болгон төлөм акы кымбаттаган. Буга чейин жан башына 22 сом 50 тыйындан төлөнүп келсе, ушу тапта пенсиядагы жарандар 22 сом 50 тыйындан, башка адамдар 41 сомдон төлөшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM