Connect with us

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 261 | 0

17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт.

Парламенттик угууга катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылат.

«Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечи депутат Надира Нарматова өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Ошондой эле бардык уюмдар «чет өлкөлүк агент» деп табылбай турганын кошумчалады. Мындай уюмдарды жылына бир жолудан көп эмес пландуу текшерүүнү сунуштоодо.

«Чет элдик өкүл» түшүнүгүн киргизүү сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилери катары төмөнкү депутаттар көрсөтүлгөн:

Надира Нарматова, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Нурбек Алимбеков, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханжеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Максатбек Сарбагышев, Султанбай Айжигитов, Айгүл Айдарова, Элдар Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Арсланбек Малиев.

Башында мыйзам долбооруна демилгечи болгон топтон бир катар депутаттар чыгып кеткен.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

16-сентябрда 120 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM