Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Казбек Билалов кармалганын кабарлады.
10-октябрда «Казбек кара» деген ат менен белгилүү Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Казбек Билалов Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Атайын кызмат кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.
Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган.
УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюу чаралары улантылууда.
4-октябрда Кыргызстанда кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөн. Андан кийин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен. Көлбаев түзгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.