Биз менен байланышыңыз

«Ишкерлер үчүн адилет сот жана мүлктүн кол тийбестиги болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2023 | 1016 | 0

Кайсы бир мамлекет өнүккүсү келсе, адилет сот жана мүлктүн кол тийбестиги болушу керек. Мындай пикирин «Маралдын» эфиринде ишкер, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, коомдо мурда көргөн кинолордун таасири калып калган. Азыр кримдүйнөсү менен күрөш башталса да, коомдун кайсы бир катмары тарабынан боор оору пайда болуп жатат.

«Мындан бир нече жыл мурда Дубайдан инвестор келген. Ал ишкер ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун чакыруусу менен келген экен. «Ал учурда Атамбаев президент болуп, кийин дагы канча бийлик алмашты. Баары бизге шарттарды айтып, бирок бири да аткарган эмес. Кыргызстанда сөзүнө турган жалгыз адам бар экен», — деди. Анан кимди айтат деп турсам, кримтөбөлдүн атын атады. Бул бир чети күлкүлүү болсо, бир чети аябай өкүнүчтүү», — деди Токтогазиев.

Токтогазиевдин жеке пикиринде, сот адилетсиз чечим чыгарганда гана ишкер кылмыштуу топко кайрылат. Кылмыштуу топ кайсы жакта жеңилирээк адалдаштырылган тармактар бар болсо, ошол жакка басым жасап, адалдаштырууга ыңгайлуу ресторандык жана курулуш тармагындагы бизнести тандашат.

Андан тышкары ишкерлер мамлекет сөзүнө турушун каалашарын, бийлик тарабынан эрежелер аныкталып, ошолор туруктуу түрдө иштеши керектигин белгилеп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM