Биз менен байланышыңыз

Балбан Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчиге чыкты

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2023 | 1315 | 0

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы United World Wrestling уюмунун версиясы боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи.

Күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалгандай, Айпери Медет кызында 82 миң 600 упайы бар.

Жаңыланган рейтингде кыргызстандык учурдагы Дүйнө чемпиону, Сербиядагы турнирдин финалында утулуп калган Юка Кагамини ашып өттү.

Айпери Медет кызы быйыл Кытайда өткөн Азия оюндарында алтын утуп, чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM