Connect with us

Акматбек: Кылмыштуу топтор менен күрөш системдүү жүрүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2023 | 1312 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда расмий жана кылмыштуу дүйнөнү ажырата албай калгансың. Себеби криминалдуу топ саясатка да аралашып кеткен. Мындай пикирин «Маралдын» эфиринде көз карандысыз эксперт Руслан Акматбек билдирди.

Анын оюнда кылмыштуу топтун адамдары «мен кылмыш дүйнөсүнөн баш тарттым» деп, видеокайрылуу жасагандан эле токтоп калбайт. Бул нерсе менен күрөшүү үчүн системалуу, туруктуу күрөш керек жана ага түрткөн фактыларды жоймоюнча улана берет.

«Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул маселе эриш-аркак жүрүп келген. Мен бизнес ассоциациясын 2009-жылы жетектеп турганда 2010-жылга чейин ишкерлер тарабынан даттануулар күчөгөн. Андан кийин бийлик алмашуулар болуп бул нерсе айтылбай басаңдап калган. Бизге «басым жасап жатат» деп, жеке кайрылган ишкерлер болгон, бирок ачык айтып чыга албайт экен. Себеби биздин өлкөдө «жарандын, ишкердин укугу корголот» деген кепилдик болгон эмес. Ал ачык айтып чыкса да, сот менен кылмыштуу топ биригип алып, анын жакындарына кысым жасабай турганына эч ким кепилдик бере албайт. Айрым учурларда укук коргоо органдарынын кылмыштуу топ менен кызматташып келгенин көрүп келгенбиз», — деди эксперт.

Руслан Акматбек буга чейин өлкөдө «уюшкан кылмыштуу топтор жок» деп кабыл албай келишкенин, эми бул көйгөй кабыл алынып, аны менен күрөшө башташканы туура кадам деп эсептейт.

4-октябрда Кыргызстанда кримдүйнөсүнүн анабашы болгон Камчы Көлбаев атайын операция менен кармалып, жок кылынган. Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасына билдирүү жазып, бизнесмендерге, чет өлкөлүк инвесторлорго, ресторан, базарлардын ээлерине жана соодагерлерге кайрылды.

Ал буга чейин кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөндөр болсо, токтотууга чакырып, эгер каржылоону улантышса, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM