Connect with us

Акматбек: Коом ишкер менен кылмышкерди бир катарда карап калган

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2023 | 1011 | 0

Учурда коом ишкерлер менен кылмышкерлерди бир сапта карап, аларды өнөктөш көрүп жатат. Мындай пикирин «Маралдын» эфиринде көз карандысыз эксперт Руслан Акматбек билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жумуш орундарын түзүп, салык төлөп, ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечип жаткан да ишкерлер болуп эсептелет. Ошондуктан мамлекет алардын укуктарын коргоп, кылмыштуу топтон бөлүп алышы керек.

«Биздин өлкөбүздө жаңылбасам, биринчи жолу ишкерлердин кылмыштуу топторго акча бергени айтылды. Бул убакка чейин «Кыргызстанда кылмыштуу топтор жок» деп кабыл алынбай келген. Мунун бар экени далилденгенден кийин, мындан ары кантип күрөшөбүз — ошол маселе. Кечээ күнү ишкерлерге «акча бербегиле» деп айтылды. Өз каалоосу менен бергидей, ишкердин, инвестордун ашыкча акчасы да жок. Буга чейин ишкерлер арасында айтылып келип, расмий түрдө далилденген эмес. Биз — укуктук келишим иштебеген өлкөбүз. Сот адилеттиги жок, укук коргоо органдары коррупцияга баткан. Ушунун айынан канчалаган толкундоо, нааразычылыктар болуп келе жатат. Биз көйгөйлөрдүн тамырына түшүп изилдеп отурбайбыз, качан гана ошол көйгөй козголгондо бир аз убакыт талкуулап, ошол боюнча унутуп калабыз», — деди Акматбек.

Андан тышкары мамлекет ишкерлер үчүн укук коргоо органдарына коркпой кайрыла ала тургандай, соттор адилет чечим чыгара тургандай шарт түзүп бериши керектигин белгилеп өттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM